www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
1. «Бир бол» -саясий интригаларга (2016, 2017) катышпай өз тазалагын сактап турган парламенттеги жалгыз партия. Шайлоо убагындагы берген убадаларын ишке ашырып, өз арабасын, өздөрү кылдыратып келатат.
2. «Өнүгүү-Прогресс» -шайлоочулардын турмуш деңгээлин жогорулатуу үчүн экономикалык жакшы программаларды алган. 2016, 2017-жылдары саясий күрөштөргө тыкыз кирип, быйылкы жылы экономикалык маселелер менен алек болуп калды.
3. СДПК –Акыркы жылдары бардык күч-кубат, бийлик, мансаптар бул партиянын колуна топтолгон, бирок саясий интригалар аны артка түртүп келатат. «Эки дөө кармашса ортосунда кара чымын өлчү», бизде СДПКнын рейтинги түшүп, эки партияга ордун алдырып, биринчиден артка үчүнчү орунга жылды.
4. «Ата-Мекен» - Бир убактарда «Ата-Мекен» митинг уюштурса 70 миң адам колдоп чыгышчу, бүгүнкү күнү 7 гана кишинин бул партияны колдоп митингге чыгышы, анын рейтингин көрсөтүп турат.
5. РАЖ –Былтыркы жылы казак олигархтарынын каржысына таянып шайлоого катышкан. Бирок шайлоодон соң шайлоочуларын аңга түртүп, өзүнүн сызып кетиши, бул партиянын кадыр –баркын түшүрдү. Андан тышкары Мавлянова аркылуу бул фракция кытайлыктардын келишине тилектештигине эл кыжырланып турат.
6. «Кыргызстан» - СДПКга клон катары түзүлгөн бул фракция чаян (скорпион) сыяктуу өзүнүн «энесинин» курсагын жарып, жок кылып чыгып келатат. Бул фракцияга тиешелүү Социалдык өнүктүрүү министрлиги бир жыл ичинде чет мамлекетке командировкага чыгуу боюнча дүйнөлүк рекорд койду.
Азизбек Келдибеков, журналист
Булак: NazarNews.kg