www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакында эле элди ызы-чуу кылып кош бойлуу экенин жар салган Айжан Байзакова эми кыздарга кеңеш берүүгө киришти деп жазат nur.kz.
Айжандын айтуусунда кыздар өзүн курчап турган коомдон тартынып эркектер тараптан ар кандай басмырлоого көз жумуп жашап келишет.
"Мен ажыраштым... Азыр көптөгөн татынакай кыздарыбыздан дал ушул сөздү угамын. Андан соң "бул эмне деген адаепсиздик бир күйөөнү кармай албаган! Кара эми байкуш жалгыз бой эне, баласын кантип багат экен" -деген сөздөрдү дал ушул кыздарыбыз гана угат. А, эркектерчи? Аларга баары бир. Анткени аларды жакындары, кыздарды сындагандай "жерден алып көргө, көрдөн алып жерге" таштабайт. Достору мыскылдап күлбөйт. Кыздар бизге дагы кандай сөздөрдү айтат деп канча убакытга дейре басмырланып жашайбыз. Качанга чейин туугандардын жүзү деп жашайбыз? Эгерде пикир келишпестик болсо сага карата анда убакытты созбо кете бер! Турмушка чыгып баарына чыдап жашоо керек эмес! Кыздар биз баарына чыдап жашоого милдетүү эмеспиз,"- дейт Айжан Байзакова өз сөзүндө.
Эске сала кетсек, Байзакова чырдан башы чыкпай ар бир жарыя кылган посттору чоң талкууну жаратат. Казакстандык Байзакованы "жылдыз" кылып жиберген окуясы өткөн жылы Алматыдагы клубдардын биринде болуп өткөн. Ал кыздар арасында кийим чечүү конкурсун өткөргөнү үчүн, казак кыздарын чечиндиргени үчүн аны казак полициясы үч суткага камап койгон.
Булак: NazarNews.kg