www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстанда пахта тааласынын боюнда суу толгон арыкта турган алты эркектин сүрөтү интернетке тарап кеткен. Бул окуядан кийин өзбек бийлиги сүрөттөгү жарандарды текшерүүгө алган.
Мектептин окуучуларындай тизгиндеген алты эркекти сууга түшүргөн Өзбекстан Республикасынын башкы вазирлигинин орун басары Зайыр Мирзаев экендиги аныкталган.
Суу толгон арыктагы эркектердин аты-жөнү такталган. Алар, Ак-Коргон аймагындагы айыл өкмөттүн орун басары – Шерзод Муратов, Туман суу кожолугунун башчысы – Тохир Мирзакаримов, бөлүм башчы - Шариф Ахмедов, “Озод” МФЙнын асакалы — Закир Мусабеков, “Мавлонбой ота” фермеринин башчысы — Аброр Мавлонов жана “Абдуносир” фермеринин башчысы болуп чыкты.
Ошентип алты “бакандай” эркекти сууга түшүргөн жергиликтүү бийлик тарап актанганын айтып турса, мындай күлкүлүү жана таң калычтуу окуя боюнча Өзбекстандын укук коргоо органдары азырынча үн ката элек.
Булак: NazarNews.kg