Партия лидерлеринин кимисинин эгизи бар? Райымбек Матраимовдун же Алтынбек Сулаймановдунбу?
Саясат  |   |  3949

Партиялык лидерлердин кимисинин эгизи же окшошу бар болду экен? «Ата-Мекен коркунучта!» -деген КСДПнын эмес, кадимки эле элдин кызуу талкуусунда турган «Мекеним Кыргызстан» партиясынын алдыңкы сабында турган Райымбек Матраимовдун, Шайырбек деген эгизи же «Бир бол» партиясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун, Жаркынбек деген эгизи болушу мүмкүнбү? – деген ойлор келип кеттиби окурман...Жо-оок, төмөнкү макалада РСДРПнын лидери Владимир Ильич Ленин тууралуу сөз козголот. Билесизби, Лениндин эгизи болгон? Бирок  муну көпчүлүк биле бербейт.

Анда эмесе сөз башынан болсун...

...Улуу атам Ленин,

Сен деп согот жүрөгүм, деген ыр саптары союз кишилерине жат болгон кадимки эле Ленин «атабыз» У льянов 1870–жылдын 22-апрелинде Симбирскиде же өзүнүн аты-жөнүн алып жүргөн Ульяновскиде жарык дүйнөгө келген. Ульяновдордун үй-бүлөсүндө Володя жана Сережа деген эки опокшош эгиздер туулган. Володяны СССРде жашагандардын бары жакшы билет, Сережа тууралуу эмнегедир маалымат жок.

Брат-близнец В. И. Ульянова (Ленина) – Сергей Ильич Ульянов ...

Был ли у Ленина брат-близнец - Интересные факты

Сергей Ульянов Симбирскиде 1886-жылга чейин жашап, анан Уфа губерниясына барып Зухра деген кызга үйлөнөт. Ошол мезгилде тиф боюнча эпидемия болуп жаткандыктан ата-энеси үйлөнүү үлпөтүнө катышкан эмес.

Владимирден Сергейдин айырмасы ал Орусиядагы революциялык даярдыктарга кызыга берген эмес. Ал мом сатуу менен аракет кылган чоң капиталы бар ишкер болгон. Кызыгы, Владимир бир да жолу эгизинен финансылык жардам сурап кайрылган эмес, Октябрь революциясынан соң экөө пикирлеш болгон. Владимир Ильич мамлекет башында көп турган эмес, катуу ооруп 1924-жылдын январында дүйнөдөн кайтат. Бийлик башына Иосиф Виссарионович Сталин келет. Сергей Ульянов, келечекте Лениндин шакирттерин тазалай турганын сезип, чет мамлекетке кетип калат. Балким Сталин менен пикир келишпестиктер барбы, Сталиндин убагында ал тууралуу сөз болгон эмес. Ал Литвада, Швейцарияда болуп, отузунчу жылдары Лев Троцкий жашаган Мексикага барат. Бул жылдары Сергей Ильич адабий ишмердүүлүгү менен алектенет. Элүүнчү жылдардын аягында Сергей Ульянов Кубага чакырылат, аны Куба революционерлеринин лидери Фидель Кастро – өзү чакырат. Ал кезде жолдош Ульянов картайып калган эле. Баса, Сергей Ильич Ульянов  95 жашка чыккан.

Сергей Ильич Ульянов – брат Ленина

Эми теманы кайрадан Владимир Ильичке буралы...

Ал эми Владимир Ильич Ульянов (Ленин) тууралуу немецтин шпиону болгон деген сөз эмгиче тыйылбай келатат. Андан тышкары мавзолейде коюлган Лениндин өз денеси эмес деген сөз батышчыл прессада башталган. Мындай сөздү жокко чыгаруу үчүн өткөн кылымдын отузунчу жылдары батыш маалымат каражаттарын мавзолейге чакырылат. Америкалык журналист Луис Фишер алардын көз алдында Борис Збарский Лениндин денесин бальзамдоо үчүн, герметикаланып айнектелген саркофагды ачып,бул момдон жасалган фигура эмес экенин далилдеш үчүн, жол башчынын мурдунан кармап башын оңго, солго бурган.

Ванна для вождя: Как тело Ленина берегут от порчи и журналистов ...

СССР тараган соң Лениндин денеси жасалма деген ушак күч алган. Бул тууралуу сөздөр Лениндин денеси менен алектенген лабораториядагы эксперттер аркылуу четке кагылып турган. Бирок гезит беттеринде Лениндин денесин убакыт өткөн сайын, Ленинге окшош денелер менен алмаштырып койору тууралуу версиялар тараган. Мамлекеттик Думанын депутаты Владимир Мединский, Лениндин денесинин 10 гана пайызы калыптыр деп чыккан. «Власть» жумалыгы мунун калп чынын текшерип көрүүнү туура көрөт. Бальзамдоо үчүн Лениндин денесин ачканда, анын ички органдары бүт алынып бальзамдалганын көрүшкөн. Алынып салынган дене бөлүктөрүн эсептеп чыгышып «Власть» жумалыгы депутат Мединский жаңылган экен деген чечимге келишет. Мавзолейде Лениндин денесинин 10 пайызы эмес 23 пайызы жатыптыр.

Лениндин денеси саясий максаттар менен коюлган, бул тууралуу тереңирээк билүү максатында 1920-жылдын башталыш жагына кайрылабыз.1922 –жылдын жазында Ленин абдан чарчап өзүн оорулуу сезе баштаган, партиянын жетекчилигинин суранычы менен ал бир нече айга Москва алдындагы Горкийге келген. Ал жерде дарыгерлердин көзөмөлүндө жашап туруп, ал партияны жетектегенди уланта берген жана Москвага жыйындарга келип турчу. Бирок,1922-жылдын май айында анын ден соолугуна катуу сокку урулуп, ал убактылуу сүйлөй да, окуй да, жаза да албай калат. Партия жетекчилиги Ленинге жете турган мамлекеттеги кырдаалдар боюнча маалыматтарды катуу көзөмөлдүккө алат. Бул бир гана жол башчынын ден соолугуна кам көрүү эмес, күчтүү саясий атаандаштын колу-бутун тушоо болгон.1922-жылдын июнунда БКнын катчысы Леонид Серебряков досуна кат жазып, «Дзержинский менен Смидович Ленинди эки бульдог сыяктуу кайтарып, жанына жакын жолотпой, ал ал жашаган үйгө да жакын жолотпой жатат» - деп даттанган. Андан кийин Лениндин ал-ахыбалы улам кыйындап, бир-аз жакшы болуп, андан соң ого бетер кыйын кырдаалга келген. 1923-жылдын жазында үчүнчү катуу соккудан соң, ал айлана –чөйрөдөгүлөр менен да сүйлөшүүдөн калган. Ошол мезгилден баштап партиянын жетекчилигинде анын ордун талашуу үчүн атаандаштыктар башталат.

Ушул убактан баштап жол башчынын мамлекеттин саясий аренасындагы ролу өзгөргөн. Горкиде жашап жаткан чыныгы Ленин саясий турмуштан бөлүнүп, жаңы ыйыкташкан Лениндин образы жаралган. Көпчүлүк ыйык тутулган Ленин жөнүндө жазылгандар, ошол мезгилден жарыкка чыга баштайт. 1923-жылдын башында «ленинизм» деген термин кирет, андан соң ленинизмге берилгендик боюнча анттар башталат. Ошол эле жылдын мартында Москвада ленинизм Институту ачылат. Ленин 1922-1923-жылдары эмне ойлоп, сүйлөп жана жазып жатканы чындыкка туура келбейт, ал толугу менен саясий турмуштан четтетилип, анын атынан сүйлөп жаткан. Сталинден баштап Горбачевго чейин ар бир советтик жетекчи, Ленинден тиешелүү тексттерди алып, маанисин өзү каалагандай оңдоп-түзөп пайдаланып жүрдү. Ленин 1924-жылдын 21-январында көз жумду.

Мавзолей Ленина: где находится и что посмотреть рядом

Башында анын денесин кылымдарга сактоо боюнча сөз болгон эмес. Анын денесин коштошуу убагы бүткүчө 20 күнгө бальзамдашып, коштошуу зыйнаты үчүн Союздар үйүнүн Колонналык залына коюлган. Сууктун күчү минус 28 градустан төмөн болуп турганына карабастан жол башчы менен коштошуу үчүн келгендердин саны бүт өлкө боюнча аягы тынган эмес. Ленинди көмүү 27-январга белгиленген, бирок аны менен коштошуунун аягы тыйылбай койгондуктан дагы алдыга жылдырылган. Анын денесин ар бир үч күндө комиссия текшерип турган. Ошол убактагы катуу сууктун айынан жана убактылуу бальзамдашкандан улам, анын денесинде чирип кетүүнүн белгилери табылган эмес. Денеси чирий баштаганынын алгачкы белгилери эки ай өткөн соң март айында байкала баштаган.

Партиянын жетекчилеринин арасында Лениндин денесин узакка сактоо туура эмес жана Лениндин денесин узакка сакташыбыз керек деген темада курч талаш –тартыш башталган. Марттын аягында профессор Воробьев менен биолог-биохимик Збарский анын денесин бальзамдаштыруу ыкмасына өтүшөт. Алар атайын жасалган лабораторияда төрт ай иштешип, 1924-жылдын 24-июлунда партиялык жетекчиликке иштин бүткөндүгү тууралуу билдирген.

Эми гана социалисттик саясий системада Лениндин денеси кандай роль ойноп турганы белгилүү болду. Бул дене советтик мамлекетти даңазалап турганы чындык. Ленин өлүк денеси менен конкреттүү адам катары маанини билгизсе, өлбөс денеси менен –куурчак катары атайын мамлекеттик ырым-жырымдар үчүн керек болгон. Лениндин денеси –жөн гана анын көчүрмөсү деген ар дайым жүрүп жаткан сөздөр, бул бир четинен калп болсо, бир четинен чын. Лениндин денеси экени чын, бирок ал дайыма алмаштырылат. Анын биологиялык материалдарын да жаңыга алмаштырылып турганы менен, канткен күндө да формасы өзгөрүлбөй кала берет. Бул долбоор татаал денени сактоонун жаңы ыкмасы катары жүрүп-жүрүп отуруп кийин чыккан, анын мааниси партиялык система үчүн түшүнүксүз болуп келсе, эмгиче аны дале түшүнгөн адам жок.

Лениндин денеси менен иштөө абдан жашыруун атмосферада, жабык эшиктин ичинде жүргүзүлөт. Лениндин текстери, айткандары жана башка фактылар менен иштөө да жашыруун болгон. Ошол үчүн ленинизм дайыма фундаменталдуу, алмаштыргыс жана түбөлүк сыяктуу көрүнүп, чындыгында партиялык жетекчилер убак-убагы менен алмаштырылып турса да ал кала берген. Ушунун негизинде ленинизмге тексттерден тышкары, Лениндин денеси да өзгөчө булак болуп берген.

Советтик системанын 1991-жылы талкаланышы менен лениндин денеси кошо жок болуп кете тургандай сезилген. Орусия Федерациясы мавзолейди жаап жок кылган жок, бирок ага кете турган чыгымдарды кескин кыскартты. Акыркы отуз жылдын ичинде Лениндин денесин эмне кылабыз деген бир жактуу чечим кабыл алына элек. Бүгүн да бул маселени кабыргасынан коюп жаткандар бар, бирок лаборатория иштегенин улантып жатат. Советтик системанын жок болушу бул дененин автоматтык түрдө жок болуп кетишине шарт түзүп бербеди, аны кадимкидей чирип бараткан денеге айланткан жок, ошону менен бирге андан жасалма куурчак да даярдаган жок. Кийинки макалада эмне үчүн В.Лениндин сөөгү жерге берилбегендиги тууралуу сыр катылган макалада кеп болот.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями