www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 30-июлда Талас шаарындагы унаа кырсыгынан каза болгон 26 жаштагы Аскат Асыкуловдун денеси соттук-медициналык экспертизага берилди. Бул тууралуу журналисттерге маркумдун агасы Азиз Жийдебаев билдирди.

«Биздин үй бир заматта эле ушундай күйүткө кабылып калдык. Иним Аскат Асыкулов кечээ дүкөнгө велосипед менен барып, кайра келе жаткан кезде мас абалдагы айдоочу унаасы менен сүзүп кеткен. Ал бүгүн эртең менен жан берди. Биз калыс чечим болбой калат деп кооптонуп, инимдин сөөгүн соттук-медициналык экспертизага бердик. Ичибиз аябай ачышып турат. Ал бир үйдүн жалгыз уулу болчу», - деди ал.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын айтымында, окуя кечээ 17.30дарда Манас районунун Көк-Токой айылында болгон. Анда Toyota 4Runner айдаган 53 жаштагы Ш.М. жолдун четинде велосипед менен келе жаткан 23 жаштагы А.А. аттуу кишини коюп кетип, андан ары токтоп турган Mercedes үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны сүзгөн.

Окуядан жабыркаган велосипедчи аймактык оорукана жеткирилген. Жол кырсыгы Манас райондук ИИБде Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ошондой эле экспертизанын жыйынтыгы унаанын айдоочусу мас экенин аныктаган. Тийиштүү материалдар чогултулуп, тергөө бөлүмүнө өткөрүп берилген.

Бирок Таластын башчысы Марат Мураталиев ал айдоочу расмий түрдө өкүлчүлүктө иштебей турганын айтып, кээде кеп-кеңешин айтып турганын билдирди. Ал эми жаракат алган велосипедчинин бүгүн ооруканада каза болуп калганын айтты.

"Марслатбек Шералиев өкүлчүлүктө штаттык кызматта иштебейт. Көп жылдан бери кеңешин, жардамын берип келет. Мен окуя боюнча эч нерсе деп айта албайм, учурда мыйзам чегинде иш алып барып жатышат. Өкүл катары кырсыктан жаракат алган баланы көргөнү кечинде жана эртең менен баргам. Комада жаткан. Тилекке каршы, жакынкы саттарда каза болуп калды", — деди Мураталиев.

Ал кылмышка шектүү "афганчы" жана Улуттук коопсуздук кызматынынын (азыркы УКМК) запастагы полковниги экенин кошумчалады.

 

Сүрөттө маркум Аскат Асыкулов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости