www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда колонияда каза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаров Өзбекстанда жерге берилди. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Ташкент облусунун Янгибазар айылында өттү. 31-июлда жергиликтүү убакыт боюнча саат 12де Аскаровдун сөөгү Оштогу "Достук" посту аркылуу Өзбекстанга жеткирилген.

Табытты маркумдун жесири Хадича Аскарова коштоп жүрдү, ал эми өзбек тарапта аны уулу тосуп алды. Аскаров сөөгүн тарыхый мекенине коюуну өзү керээз калтырып кеткен. Мындан тышкары, туугандары аны Кыргызстанда жерге берүүдөн - вандализмден коркушкан.

Аскарова: Азимжан огорчался, что не может найти справедливость в ...

Азимжан Аскаров 2020-жылдын 25-июлунда № 47 түзөтүү колониясынын ооруканасында көз жумган. Медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, ага дем жетпей каза болгону аныкталган.

Эске сала кетсек, Азимжан Аскаров Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жашаган жана адам укуктары менен алектенген. 2010-жылдагы июнь окуясынан кийин ал башаламандыкты уюштурган жана милиция кызматкеринин өлүмүнө катышкан деген шек менен кармалган. Бардык инстанциялардагы соттордун чечими боюнча ал 2010-жылдын июнь окуяларында башаламандык уюштурган деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган.

2016-жылы апрелде БУУнун Адам укуктары боюнча комитети кыргыз бийлигин укук коргоочунун ишин кароого чакырган. Кийинчерээк бул иш Чүй облустук соту тарабынан каралып, 2017-жылдын 24-январындагы чечим менен өмүр бою абак жазасына кесилген.

2020-жылы 13-майда Кыргызстандын Жогорку Сотунда адвокаттардын кассациялык даттануусу боюнча укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши боюнча соттук отурум болуп өттү.

Кеңешме бөлмөсүнөн кайтып келген Жогорку Соттун сот коллегиясы төмөнкү инстанциялардын өкүмүн күчүндө калтырган.

Аскаровдун өзү ага коюлган күнөөлөрдү мойнуна алган эмес. Аскаровдун үч уулу жана бир кызы Өзбекстандын Ташкент облусунда жашайт.

Тело Азимжана Аскарова отправили в Узбекистан для захоронения

Булак: NazarNews.kg

Последние новости