www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иран өзүнүн аймагында капысынан атып түшүргөн "Украинанын эл аралык авиалиниялары" компаниясынын учагы үчүн компенсация төлөй турганын РБК маалымадады.

Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Аббас Мусавинин айтымында, мындай милдеттен Иран качпайт, бирок техникалык жана юридикалык айрым маселелерди чечүү үчүн көп убакыт талап кылынат.

“Тегеран лайнердин кыйрашы боюнча өз мойнуна жоопкерчилик алат. Компенсация төлөп берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”, — деди Мусави.

Иранда 8-январда украиналык учак атып түшүрүлүп, ичиндеги 176 адамдын бары каза тапкан. Иран аскерлери аны «кокусунан атып алышканын» айтышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости