www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Nazarnews маалымат агенттиги  Кыргыз Республикасынын  Акыйкатчысы Токон Болотбековичти кепке тартып, айрым суроолорго жооп алдык.

-Токон Болотбекович,  Икрамжан  Илмиянов Жаза аткаруу мамлекттик мекемесинин комиссиясынын чечими менен жатак абакка чыкканы коомчулуктун талкуусуна кабылды. Анын жазасын жеңилдетүүгө эмне себеп болду деп ойлойсуз?

-Коомчулукта, социалдык тармактарда анын жатак абакка чыгышы боюнча ар кандай пикирлер кеңири болду. Мен анын кылмыш иши менен тааныш эмесмин, сот процесстерине да катышкан эмесмин. Ал тараптан да Акыйкатчы аппаратына арыз-даттануулар түшкөн эмес. Ошондуктан мен бул боюнча так пикир айта албайм.

-Экс-консул Э. Сопоковдун сот залынан айып пул менен бошогону туура болдубу?

-Акыйкатчынын мыйзамда көрсөтүлгөн мандаты боюнча сот процессине, тергөө процессине ошондой эле соттун өкүм, чечимдерине кийлигишкенге укугу жок. Ошондуктан Эркин  Сопоковдун кылмыш иши боюнча да бизге арыздар түшпөгөндөн кийин, кылмыш иши менен жакындан таанышпагандан кийин соттун чечимине баа бере албайм.

-Акыркы мезгилде  бийликти сындагандардын көбүнө бийликти күч менен басып алуу аракети деген берене менен иш козголуп келет. Бул маселеден кабардарсызбы?

-Бул жөнүндө оозеки да, жазуу түрүндө да көп кайрылуулар болуп жатат. Ошол эле соцтармактар аркылуу да кайрылуулар болду. Азыр биздин юристтер тиешелүү мыйзамдарды карап, анализдеп жатат. Жыйынтык чыгарган соң, билдирүү кылабыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости