www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын Украинадагы атайын операциясы план боюнча жүрүп, максаттарына жетип жатканын РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазат. "Атайын операция план боюнча жүрүп жатат жана максаттарына жетүүдө", — деди Песков журналисттерге. Ал "атайын операциянын" аякташынын болжолдуу мөөнөтү жок экенин да кошумчалады.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап, Донбасстагы "жайкын жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат. Төрт айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан он миңдеген курмандыктар болду.
Булак: NazarNews.kg