www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Казиного кыргыз жарандары кирбейт деген дагы, казино менен жыргап кетебиз дегендери да бул жомок!», - деди бүгүн, 28-июнда NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кубанычбек Кадыров.

- Учурда, коомчулукта казино маселесинин айланасында аябагандай катуу талкуу болуп атат. Парламент болсо тигинтип мыйзам долбоорун жактырып берди. Ушул тууралуу сиздин пикирди билсек?

- Рахмат! А, дегенде ошол Жогорку Кеңештин казинонун ачылышына «макулбуз» деп добуш беришкен эл өкүлдөрүнө, айрыкча Ысык-Көлдөн шайланып келген мырзалардын мындай аракетине абдан нааразымын. Себеби, казинонун борбору так ошол кереметтүү көл аймагында орун алганы жатат. Кыргыз бермети кумарканалардын ордосу болбош керек. Бул коооптуу. Казинонун ачылышы бир эле Ысык-Көл аквоториясында эмес, жалпы Кыргызстан үчүн кооптуу.

- Депутаттар демекчи сиз да ушул шайлоого катышсаңыз керек эле?

- Ооба, «Ата-Журт» партиясы менен...

- Кооптуу деп жатасыз, анын себептерин эмнеден көрөсүз?

- Мен ИИМдин мурдагы орун басары катары, орган кызматкери катары айтайынчы, эгер андай болсо криминал жана ушул сыяктуу коом үчүн залалдуу көрүнүштөр күчөйт. Бул турган иш. Муну деталдаштырсак аябагандай эле узак сөз.

- Ошондо сиздин ачык пикир?

- Мен караманча каршымын! Анткени казино арам акчага туйтунган ууруулардын, бандиттердин, аферисттердин жана башка ушул сыяктуулардын уюгу.

- Бирок ал жерге бир да кыргыз жарандары киргизилбейт деп жатпайбы?

- Казиного кыргыз жарандары кирбейт деген дагы, казино менен жыргап кетебиз дегендери да бул жомок!

- Өкмөт «биз казинонун ачылышы менен туризимди да өнүктүрөбүз» деп жатышат го?

- Туризимди казиного байлап коюп жатышканы таптакыр туура эмес. Кыргыз жери бул бейиш төрүндөй эле жер. Биздикиндей абасы таза, суусу мүрөк жаратылыш баардык өлкөлөрдүн эле багына буюра бербеген. Туризимди ошол жаатта эле татынакай өнүктүрсө болот. Буга мисалдар толтура. А, жер байлыгы боюнча алсак дүйнөдө бешинчи орунда турабыз. Чындап келсек далай инвесторлор шилекейлерин агызып турат, келели, иштейли, иштешели дешип.

- Эмнеге анда алар келбей жатышат?

- Себеби аларга мамлекеттик кепилдик жок. Кепилдик бере алышса, коррупциялык элементтер менен биздин чиновниктер «шапка» дегенди сурашпаса инвесторлор агылып келмек.

Эгерде иштин көзүн биле алышпаса, көрүнгөн «миф», «жомокторду» айтышып, элдин башын айланта беришсе, коомдун социалдык жеңилдигин таба алышпай улам бир нерсени «ойлоп» таап элди кыйнай бербей отставкага эле калышса, ошондо эл үчүн чындап пайда кылышмак демекмин.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш 22-июндагы жыйынында Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн казинолордун иштөөсүнө уруксат берген мыйзам долбоорун колдоду. Бирок документтин кабыл алынышы талаш-тартыш менен коштолуп, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаттары добуш берүүдөн баш тартып, ага бөгөт коюшту.

Ошентип аталган мыйзам экинчи окууда беш жолу добушка коюлуп, дароо эле үчүнчү окууда да добуш берилип, 58 депутат «макул», тогузу «каршы» болду. Беш депутат добуш берген жок.

Депутаттар арасында казиного уруксат берүүнүн кесепети оор болорун айтып, каршы пикирин билдиргендер болду. 

Өлкөдө бир катар нааразылыктан улам кумар оюндарына мындан он жыл мурун мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон. Бирок кумарканалар тымызын иштеп жатканы тууралуу буга чейин бир топ маалыматтар айтылып келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости