www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Качкын Булатов: «Казына кумарканага муктаж»

«Казинону иштетсек, баштагыдан алтынды көп казсак, туризмди жандандырсак, киреше көп болот», - деди бүгүн, 28-июнда NazarNews маалымат агенттигине укук коргоочу Качкын Булатов.

- Качкын агай, чет элдиктер үчүн казинону иштетүүгө уруксат берген мыйзам кабыл алынды. Бул мыйзам казына казиного муктаж болгон үчүн кабыл алындыбы?

- Кыргызстан эгемендикке ээ болгону кризиске батты. Өкмөт ар тараптан каражат табууга аракет кылып жатат. Казына казиного да муктаж болуп жатат. Казино да бюджетти толтурууга кичинекей булак болсо да жаман эмес.  Анткени, өкмөт элдин жашоо турмушун жакшыртышы керек. Айлык акыны, пенсия, пособиени көбөйтүшү керек. Турмушубузду оңдоп, экономикабызды жогорулатпасак, бардык жактан жабыркайбыз. Анткени, кедей мамлекеттерде террористтер да, уруш-талаш, криминалдар жана билимсиздер, уурулук кылгандар да көп болот.

Мамлекет экономикалык жактан секирик жасаса, жашоо турмушубуз оңолот. Казинону иштетсек, кассалык аппараттарды ишке киргизсек, баштагыдан алтынды көп казсак, туризмди жандандырсак, киреше көп болот. Быйыл бажыдан, салыктан каражат көп топтолду. Бул темп менен кетсек, буюрса мамлекетибиз оңолот. Ошон үчүн казинонун иштешине уруксат бергенди туура эле көрөм.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш 22-июндагы жыйынында Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн казинолордун иштөөсүнө уруксат берген мыйзам долбоорун колдоду. Бирок документтин кабыл алынышы талаш-тартыш менен коштолуп, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаттары добуш берүүдөн баш тартып, ага бөгөт коюшту.

Ошентип аталган мыйзам экинчи окууда беш жолу добушка коюлуп, дароо эле үчүнчү окууда да добуш берилип, 58 депутат «макул», тогузу «каршы» болду. Беш депутат добуш берген жок.

Депутаттар арасында казиного уруксат берүүнүн кесепети оор болорун айтып, каршы пикирин билдиргендер болду. 

Өлкөдө бир катар нааразылыктан улам кумар оюндарына мындан он жыл мурун мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон. Бирок кумарканалар тымызын иштеп жатканы тууралуу буга чейин бир топ маалыматтар айтылып келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости