www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Украинага барган сайын көбүрөөк курал-жарак берип, Киев режимин карапайым калкты кырып салууга түртүп жатат. Бул тууралуу Орусиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов билдиргенин РИА Новости жазды.

"Джо Байдендин администрациясы Киевге жөнөткөн курал-жарактын көлөмүн көбөйтүп жатат. Анын үстүнө америкалык атайын кызматтар Украинанын Куралдуу күчтөрү менен чалгындоо маалыматтары менен бөлүшүүдө. Алар согуш талаасында кандай иш-аракет кылуу керектиги боюнча кеңеш берет. Чындыгында Вашингтон өзүнүн чагымчыл кадамдары менен Киев режимин карапайым калкты кырууга түртүп жатат", — деди Антонов.

Элчи кошумчалагандай, АКШ Украинага жалданма аскерлерди жөнөтүүсүн дагы токтоткон жок. Анын пикири боюнча, Вашингтон жетекчилери өз кадамдарынын кесепети кандай болорун дагы деле баамдай албай жатышат.

Буга чейин Пентагон Украинага дагы төрт HIMARS ракеталык системасын, 18 патрулдук катер жана 36 миң артиллериялык снаряд ала турган жаңы аскердик жардам пакетин кабыл алган. Жалпы суммасы 450 миллион долларды түзгөн жардамдык пакетке артиллериялык бөлүктөрдү сүйрөө үчүн 18 тактикалык унаа, 1,2 миң гранатомет, 2 миң пулемёт дагы кирет.

Джо Байден президент болгондон бери АКШ Украинага 6,8 миллиард долларлык аскерий жардам көрсөттү, анын 6,1 миллиард доллары Орусиянын атайын операциясы башталган 24-февралдан бери берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости