www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын билим берүү системасында акыркы 15 жылда функционалдык сабаттуулукту өнүктүрүүгө багытталган бир катар өзгөрүүлөр жүргүзүлдү.
PISA-2025тин жыйынтыктары өлкөдөгү билим берүүнүн сапатындагы оң динамиканы көрсөттү.
Маалыматка ылайык, 2009-жылга салыштырмалуу 2025-жылы окуу сабаттуулугу боюнча көрсөткүч 30 баллга, математика жана табигый илимдер боюнча 33 баллга өскөн. Ал эми 2006-жылга салыштырмалуу өсүш окуу сабаттуулугунда 59 баллды, математикада 53 баллды, табигый илимдерде 41 баллды түзгөн.
Табигый-илимий сабаттуулук боюнча базалык деңгээлге жеткен окуучулардын үлүшү 2006-жылдагы 13,6 пайыздан 2025-жылы 23,4 пайызга чейин көбөйгөн. Ошол эле учурда эң төмөн жыйынтык көрсөткөн окуучулардын үлүшү азайганы белгиленди.
Акыркы жылдары билим берүүнүн сапатын баалоонун улуттук системасы өнүктүрүлүп, окуу программалары, мамлекеттик стандарттар жана баалоо ыкмалары жаңыртылган. Негизги басым окуучулардын билимди жаттап алуусуна гана эмес, аны турмуштук кырдаалдарда колдонуу, маалыматты талдоо, жыйынтык чыгаруу жана практикалык маселелерди чечүү жөндөмдөрүнө жасалууда.
Ошондой эле мугалимдердин кесиптик өнүгүүсү, мектепке чейинки билим берүү, санариптик билим берүү чөйрөсү жана мектептерди башкаруу системасын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлдү.
Ошол эле учурда PISA-2025тин жыйынтыктары бир катар көйгөйлөр дагы эле бар экенин көрсөттү. Окуучулардын олуттуу бөлүгү функционалдык сабаттуулуктун базалык деңгээлине жете элек. Мындан тышкары, шаардык жана айылдык мектептердин, ошондой эле ар кандай социалдык-экономикалык шарттагы окуучулардын ортосунда айырмачылыктар сакталууда.
Билим берүү системасынын кийинки этабы «Алтын Казык» программасы менен байланыштуу. Анда 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү менен катар билим берүү стандарттарын, окуу программаларын, материалдарды, окутуу ыкмаларын жана педагогдорду даярдоо системасын жаңылоо каралган.
Белгилей кетсек, PISA-2025тин жыйынтыктары жаңы реформалардын түздөн-түз натыйжасы эмес. Изилдөөгө катышкан окуучулар билим берүүнүн негизги бөлүгүн реформалардын жаңы этабы башталганга чейин алышкан. Ошондуктан алынган көрсөткүчтөр мурда жүргүзүлгөн иштердин натыйжасын чагылдырып, кийинки реформалар үчүн баштапкы чек катары каралууда.
Негизги максат — окуучулардын билим сапатын жогорулатуу менен катар мектептер жана социалдык топтор ортосундагы айырмачылыктарды азайтып, ар бир балага сапаттуу билим алууга тең мүмкүнчүлүк түзүү.