www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 9-сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков ата мекендик балык тоюттарын өндүргөн компаниялардын жетекчилери менен жолукту.
Жолугушууга «Тянь-Шань Форель», «Биожем», «Салих Аква» жана «Аквавин» компанияларынын өкүлдөрү катышты.
Тараптар балык тоюттарын ата мекенде өндүрүүнү кеңейтүү, ички рынокту жергиликтүү продукция менен камсыз кылуу жана тармакка мамлекеттик колдоо көрсөтүү маселелерин талкуулашты.
Белгилей кетсек, 10-сентябрдан тартып Кыргызстанга балык тоюттарын импорттоого алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу күчүнө кирет. Бул чара ата мекендик өндүрүштү колдоого, аквакультура тармагын өнүктүрүүгө жана импорттук продукцияга болгон көз карандылыкты азайтууга багытталган.
Учурда өлкөдө балык тоюттарын өндүргөн төрт завод иштеп, жылына жалпы 70 миң тоннага чейин продукция чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар.
Ошол эле учурда Кыргызстанда жылына болжол менен 20 миң тонна балык өндүрүлөт. Анын басымдуу бөлүгү Россияга экспорттолот.