www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстан менен Кытай эки өлкөнүн жарандарынын айдоочулук күбөлүктөрүн өз ара таануу боюнча макулдашууга жетишти. Бул тууралуу Казакстандын Ички иштер министрлиги билдиргенин КТК арнасы жазып чыкты.
Эми казакстандыктар менен кытайлыктар керектүү документтерди жеңилирээк тариздеп, эки өлкөнүн аймагында автоунаа менен эркин жүрө алышат.
Мындан тышкары, Казакстан менен Кытай «Хоргос» эл аралык чек ара кызматташтык борборунун аймагындагы коопсуздук жана тартип боюнча келишимге кол коюшту.
Документте эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын өз ара кызматташуусунун тартиби аныкталган.
Бул келишим окуяларга ыкчам чара көрүүгө, мыйзам бузуулардын алдын алууга жана борбордун аймагындагы адамдардын коопсуздугун камсыз кылууга жардам берет.