www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы фермерлер Абердин-ангус породасындагы асыл тукум малды жылдык 3 пайыздык жеңилдетилген насыя аркылуу сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Насыя алуу үчүн фермерлер «АБанк» же «Элдик Банкка» кайрыла алышат. Насыя 5 жылга чейин берилет, ал эми жеңилдетилген мөөнөтү 12 айга чейин каралган.

Насыянын шарттарына ылайык:
500 миң сомго чейин — күрөөсүз;
500 миң сомдон 20 млн сомго чейин — күрөө менен берилет.

Малды сатып алууда асыл тукум күбөлүгү, ветеринардык маалымкат, идентификациялык жана малдын келип чыгышын тастыктаган башка документтер талап кылынат.

Фермерлердин асыл тукум чарба статусуна ээ болушу милдеттүү эмес.

Негизги талаптардын бири — малды багуу жана тоюттандыруу үчүн тиешелүү шарттардын, карантиндик зонанын жана ветеринардык тейлөөнүн болушу.

Банк насыяны жактыргандан кийин фермер «Кыргыз Агрохолдинг» менен келишим түзүп, Абердин-ангус породасындагы асыл тукум малды сатып ала алат.

Кошумча маалымат алуу үчүн 1210 кыска номерине кайрылса болот.

Последние новости