www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент өз фондунан ар бир дарыгерге жана медайымга ай сайын 15 миң сомдон бөлөт. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Мамадалиев Жогорку Кеңештин «Ишеним» жана «Ала-Тоо» депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында билдирди.
Анын айтымына караганда, ушундай жол менен медицина кызматкерлеринин айлык акысына байланышкан маселе чечилет.
Мамадалиев ошондой эле аймактарда дарыгердин депозиттик суммасы бир кварталга 66 миң сомду түзөрүн белгиледи. 2024-жылга чейин кварталына сумма 43 миң 33 сомду түзгөн.
Анын айтымында, учурда депозиттик акчаны 500гө жакын адис алат, бирок алардын санын 7 миң адамга чейин көбөйтүү пландалууда. Бул аймактарга медициналык кадрларды тартууга түрткү болот.
Белгилей кетсек, 1-апрелден баштап Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин айлык акысы 100%га жогорулай тургандыгы айтылган.