www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ачык Кайрылуу Урматтуу Сооронбай Шарипович! Менин сизге кайрылуумдун себеби, сиздин “2018-жылы аймактарды өнүктүрүүгө системдүү өзгөрүүлөргө негизги түптөлүшүнө, бийликтин бардык бутактарынын, жарандык коомдун бирдиктүү аракеттерине колдо көргөзүп. Жогорку Кеңешке, Кыргыз өкмөтүнө аймактарды өнүктүрүү боюнча конкреттүү сунуштар бергенинизге. Региондорду өнүктүрүүнүн узак мөөнөтткө, комплекстүү пландар иштелип чыксын”, деген жарыянызды кош колдойт элем. Өзүм жеке ишкер катары жергиликтуу бюджетке ири киреше берген жана бир жергиликтуу калка, өсүп келеткан бала чакага эс алуу оюн зоок аянтча комплекст куруп, көрктөндрүгү иретинде Дубовый парк өстүрүп, айылдын социалдык маселени чечип беругө, долбоор максатымды кыска убакыттын ичинде аткаруга даяр элем.

Соронбай Шарипович! сиздин иш аракетинизди жана максатынызды колдоо иретинде айыл тармагындагы онугуу багытындагы колдоо коргозуп, мен дагы 2012-жылдан бери Баткен обласы боюнча эн ири бюджетти толукточу «Баяман Батыр» базар куруп, областка, Кадажай районго жана Халмион айылга өз салымымды кошуп келем, «Баяман Батыр» базары Халмион айылдын ири өнүгү факторуна салымымды кошо алдым. Ар жыл сайын 700 000 ( жети жуз мин ) сомдон кем эмес салык төлөйм.

Мындан тышкары соодагерлер патент алуу менен 1,5 миллион салыгы төлөнөт. Ошондой эле областык дыйкан чарбалары жана фермерлер өндүрүлгөн, өстүргөн продукциясын ушул базардан соодалашканга бардык стандартка ылайык шарт тузулгөн. Базардын штаты 42 адамдан турат.Мындан тышкары 400-500 жеке ишкерлер такси маршрут каттамында иштейт. 50 тамак –аш туйундору, ошондой базар элдин чогулган борбору болгондуктан, жергиликтүү ишкерлер чакан бизнес борбор ачышып бир далайы очор башар болуп калышты. Мурунку алыскы Халмион айылдын элине базар түркүк болуп 500 жакын жеке ишкер чыкмалары окат кылып Европалык типте там салып жаткан далил эмеспи.

Баткен облусундагы айылдарга жардам иретинде: жол салып, кочолорду арыктарды ондоп , майыптарга жардам берип, 8 орто мектептерге белек берип, Халмион айылын тургундарынын отунучу боюнча мечит курулуп, имараттарды ондоп, бардыгы болуп 2 338 995 сом кайрымдуулук көрсөтулгөн. Ошондой эле базардын тегерегинде бош жаткан өздөштүрүлбөгөн какыр жерди арендага алууга аракет кылып, жаны жумуш орду менен камсыз кылуу аракеттериме Халмион айыл өкмөт башчысы Бегматов Камал кара ниетин карматып , тосколдук кылып жатканы өкүндүрбөй койбойт. Бир эмес эки ирет соттук териштируулордо Бегматов Камалидин КР Администрациялык жоопкерчилик жонундогу Кодексинин 400-беренесинин 2-болумунун негизинде Кадамжай районунун Халмион айылдык аймагынын айыл өкмөтүн башчы кызматынан четтетилсин деген Токтом 2018-жылдын 21-ноябрында чыккан.

Бирок Бегматов К. эки жолу сот аркалуу кызматтан четтетилсе дагы айыл өкмөт болуп иштен кетпей, мага тосколдук жаратууда. Бош жаткан какыр 2га жер алып,автоунаа токтоочу жай, өспүрүм балдарга оюн зоок, спорттук аянтчаны өз каражатыма куруу проектине тосколдук жаратканы акылга сыйбаган иш болуп келе жатат. Ал эми айыл өкмөт Бегматов К. кызматынан пайдаланып айыл өкмөттүн эсебинен башка бирөнүн жерине 450 000 (төрт жуз элуу мин) сом айыл окмоттун акчасына өз билемдиги менен мал базар курам деп коротууга алып келген.

Мындан тышкары базардын тушундагы жолдун наркы бетиндеги 3га жерди көз боёмолук менен аренда берилген деп жаап жашырып журөт. Ошондуктан көрсөтүлгөн фактылардын негизинде жоопкерчиликке тартырып беринүздү суранам. Негизи менин иш аракетиме Кадамжай районун акими жана Баткен облусунун окулчулугу жардам беруунун ордуна, тилектештик, кол кабыш кылып алдыга сүрөөбөй келгени мени өтө өкүндүрөт.Тилекке каршы кандайдыр себеп менен мага тоосколдук жаратып , колдоо коргозбой мени арыз жазууга дуушар кылышканы туура эмес.

Сиздин иш аракетиниздин регионду өнүктуру жарыяныз, өнугуу факторуна чон роль болоруна шек жок. Бирок жергиликтуу бийлик тоскол кылып жатканы, тан калышту окуя эмеспи. Урматтуу Сооронбай Шарипович ! менин кайрылуума колдоо коргозуп , иш аракетиме тоскол кылгандарды мыйзам чегинде жазалап беруунузду суранам.

Жеке ишкер, Еркинбаева Умсунай

0770522542,0550522542

Булак: NazarNews.kg

Последние новости