www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-мартта Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Боспиек айылында 2002-жылдын 17-мартындагы Аксы окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондорду эскерүү митингине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Митингде курман болгондордун элесине арналып Куран окулуп, бир мүнөттүк эскерүү  өткөрүлүп, эстеликке гүлчамбар коюлду.

Мамлекет башчысы  өз сөзүндө «Үй-бүлөлүк кланга каршы күрөштүн башында турган адам катары, үй-бүлөлүк башкарууга эч качан жол бербейм!», — деп баса белгиледи.

Андан соң Президент Сооронбай Жээнбеков Кара-Суу айылындагы 2002-жылдын 17 мартындагы Аксы окуясында курман болгондордун элесине арналып курулган  музейдин алдына карагай отургузду.

Мамлекет башчысы аталган айылдын «17-март» атындагы спорт залынын ачылыш аземине катышты

Аксы окуяларына арналган иш чаралар Президенттин жана жергиликтүү калктын катышуусунда Куран окутуу менен аяктады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости