www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековго

Көчүрмөсү:

Мамлекеттик коопсуздук кеңешине

КР Башкы прокуроруна

Баткен областынын прокурору А.Ж.Ормошевке

Кадамжай районунун прокурору К.К.Токтакуновго

Баткен областынын Кадамжай районуна караштуу Майдан айыл аймагындагы Майдан айылдык кеңешинин депутаттарынан жана жалпы айыл аймактын жашоочуларынан

Кайрылуу

Президентибиз Сооронбай Шарипович Мамлекеттик Коопсуздук кеңешинин отурумунда коррупция менен күрөшүү боюнча маселе коюп, ал бүгүнкү күндүн актуалдуу маселеси экенин баса белгиледи. Чындыгында коррупция аралашпаган бир дагы мекеме, ишкана калбады. Буга Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Майдан айыл аймагындагы Бел-Алма көмүр кенине, Шамбысай, Ничке ж.б. алтын кендерине карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик бийликтин, КР өкмөтүнүн алдындагы геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин, Өзбек Республикасынын жараны Салимбайды “тирек” туткан (ММК боюнча) Атамбаев Жалил Сатышович жана анын жакын туугандарына караштуу «Жаңы Доор» ЖЧКсынын кубулмасы болгон «Беш-Арча» ЖЧКсынын, жергиликтүү укук коргоо органдарынын, жергиликтүү сот бийлигинин коррупциялык аракеттери  мисал боло алат.

Бул коррупциялык аракеттер боюнча Президентибиз Сооронбай Шариповичке, Башкы Прокуратурага 2015-жылдын бери бир нече жолу кайрылдык. Биздин кайрылуулар областык прокуратурага, андан кайрадан эле жергиликтүү укук коргоо органдарына келип, коррупциянын жергиликтүү мүчөлөрү уялып калуунун ордуна коррупция менен күрөшкөндөрдү ар кандай ыплас жолдор менен чектеп, кордоп, өздөрү түзгөн “ОБОН”дордун этегине баштарын катып, аларга “ашыкча эркиндик” беришип, коррупция менен күрөшкөндөрдү кордотуп, мүмкүн болгон, болбогон арыздарды жаздырышып, ал эми коррупция менен күрөшкөндөрдүн арыздарын жаап салышып, мамлекеттик байлыктарды талап-тоноп жатышат.

Ошондуктан Президентибиз Сооронбай Шариповичтин коррупция менен күрөшүү боюнча саясатын колдоо максатында жергиликтүү коомдук кеңештерди, элдик кошуундарды түзүп, Майдан айыл аймагындагы коррупция менен, коррупциянын жергиликтүү мүчөлөрүнүн куралы болгон “ОБОН”дор менен күрөшүүнү туура таптык.  Алтын кендерге күзөт уюштурабыз, Бел-Алма көмүр кенинен “Беш-Арча” ЖЧКсынын мыйзамсыз ишине чек коебуз. Майдан айыл аймагынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруусунун ыймансыз жетекчилерине жана депутаттарына ишеним көрсөтпөйбүз.

Сот бийлигине, укук коргоо органдарына эч кандай ишенич калбады. Ошондуктан ушул кайрылуу Сизге тийген күндөн баштап, Сиздин коррупция менен күрөшүү боюнча саясатыңызды колдоп, Майдан айыл аймагындагы коррупционерлер менен, алардын ыймансыздыгын коргогон куралы болгон “ОБОН”дор менен  өзүбүз күрөшө баштайбыз.

Кайрылуу жазган Майдан айылдык кеңешинин депутаттары жана жалпы айыл аймактын жашоочулары:

500дөн ашуун адам жана Майдан айылдык кеңештин 10го чукул депутаты кол койгон.

Булак: Элньюс

Последние новости