www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Дональд Трамп мындай аскерий чара тууралуу Ак үйдөн Бишкек убактысы боюнча бүгүн эртең менен 7де жарыялады:

- Өткөн ишемби күнү Асаддын режими бул ирет борбор Дамасктан алыс эмес Дума шаарында бейкүнөө жайкын тургундарды жок кылуу үчүн кайрадан химиялык курал колдонду. Аталган кыргын бул коркунучтуу режим тарабынан химиялык куралды колдонуунун кыйла күчөшү болду. Биздин бүгүнкү аракеттердин максаты - химиялык куралды колдонууну, өндүрүүнү, таратууну токтото турган күчтүү факторду түзүү, - деди Трамп америкалыктарга жасаган кайрылуусунда. Ал Сириянын химиялык курал жасоо үчүн колдонулуучу жайларын бутага алуучу аскерий аракеттерди "таамай сокку” деп мүнөздөдү. Аскерий чарага АКШ менен бирге Британия, Франция катышууда. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

АКШ армиясындагы штаб башчылардын Бириккен комитетинин төрагасы, генерал Жозеф Данфорддун билдиргенине караганда, алгачкы ракеталык соккуларда борбор Дамасктын аймагынан Сириянын химиялык жана биологиялык курал боюнча изилдөө борбору, Хомс провинциясынын эки химиялык курал кампасы алынганын маалымдады.

Бул арада Сирия армиясы алар ракеталардын он үчүн бутага жеткирбей атып түшүрө алганын билдирүүдө.

Жети жылдан берки жарандык согушта президент Асаддын бийлигин колдоп келе жаткан Орусиянын президенти АКШ менен анын өнөктөштөрүнүн Сирияга соккусун “суверендүү өлкөгө карата агрессия” деп баалады. Иран дагы бул аракетти айыптап, анын “аймактык кесепеттери” болорун эскертти. Жапония менен Австралия АКШ баштаган аба соккуларды толугу менен колдой турганын жарыялашты.

АКШ жана анын өнөктөштөрү 7-апрелдеги химиялык чабуул деген окуядан улам Сирияга жооп чара көрүү маселесин бир аптадан бери караштырып жаткан.

Анда кеминде 43 кишинин өмүрү кыйылган, арасында балдар да бар. Москва менен Дамаск бул окуяны “чагым” деп атап, эч кандай химиялык чабуул болбогонун ырасташкан.

Ушул апта ичи эле БУУнун Коопсуздук кеңеши үч отурумга чогулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости