www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абаддын Ноокен районунун Сакалды жана Арал айылдарынан президент Сооронбай Жээнбековго жолугушууга барган беш аялды милиция кармап, үчөө сот жообуна тартылды деген маалымат боюнча Президенттин аппарат кызматчысы Толганай Стамалиева төмөнкүлөрдү билдирди:

-  Ноокен районунун акими бул апалар менен жолугат, алардын арыздары мазмунуна карата тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан каралат. Эгер Президентке тийиштүү болсо, Президенттин Аппараты жооп берет. 

Ноокен районунун акими бизге билдиргендей, эгерде апалар айып төлөгөн болсо, аларга акча кайтарылып берилет. 

Баса, өткөндө Таласта да жергиликтүү тургун Президент менен жолугушууга кире албай калгандыгы кабарланган эле. Ал айымдын арызында акча каражат сураган өтүнүч болгон экен. Президенттин фондунан жардам көрсөтүлдү. 

Ноокендеги окуя боюнча Ички иштер министрлиги да жергиликтүү тургундарга карата милиция кызматкерлеринин бул чечими боюнча териштирүү жүргүзөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости