www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эми мындай…Буга чейин Биринчи Май райондук соту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июлундагы №430-токтомунун аткарылбай жатышына көз жумуп, мыйзам бузулганын так билип туруп, менин доо арызым боюнча ишти кароодон баш тарткан эле.
Биринчи Май райондук сотунун судьясы А.Калдыбаев каратып туруп, аныктама чыгара салып, райондор аралык сотко багыштаган. «Болуптур» деп бүгүн бул иш боюнча Бишкек шаардык райондор аралык сотуна кайрылгамын.
Ушул жерден айта кетүүчү жагдай, сот тармагы чын эле «өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип», карапайым калкты көзүнө илбей калгандыгын өз көзүм менен көрүп, капа болдум.
Бишкек райондор аралык соту мурдагы дарегинен бир ай мурун Ибраимов көчөсүнүн №64-дарегине көчкөн экен. Бул тууралуу карапайым-калкка кабарлап коюшпаптыр. Аларга биздин Жогорку Сотто отурган кесиптештер кошумча болуп, жада калса сайттагы дарек дагы оӊдолбогон боюнча турат. Ошону менен дарегин тактаганча түш болуп кетти. Канцелярияда сүйлөөр-сүйлөмөксөн болуп олтурган кызматкерден эптеп маалымат алып, Кыргыз почтасына жоопкерлердин дарегине доо арыздардын көчүрмөлөрүн жөнөтүп, РСК банкына мамлекеттик пошлинаны төлөп келгенче түштөн ооду.
Албетте, мен юрист же жактоочу эмесмин. Кыргыз тили үчүн деп кыйналсам дагы талаптагыдай аткарганга аракет кылдым. Ошону менен түштөн ооп, саат 14 кө жакындады. Бул жолу канцелярияда илбериӊки кыз отурган экен. Ашыкча суроосу жок тез кабыл алды. Мага Курман Айттан кийин, тактап айтканда бейшемби күнү келип тактап алышым керектигин айтты. Ошону менен Бишкек райондор аралык сотуна ишеним артып, үйгө жетип бир чыны чай ичкенче, тактап айтканда 17. 24тө 0553995100 телефондон катчы кыз чалып, иштен баш тартылгандыгын, аныктаманы алып кетишим керектигин маалымдады. 17. 30да алардын иш убактысы аяктайт, Чолпон-Ата менен Анкара көчөсүнүн кесилишинде жашагандыктан жана мен алты мүнөттө бара албастыгым анык болгондон кийин вотсапп аркылуу жоопту жөнөтүүнү өтүндүм. Аныктама менен таанышып чыксам, анда менин арызымдан баш тартуунун себеби төмөндөгүдөй болгон экен. Кыргыз Республикасынын административдик-процесстик кодексинин 201-беренесинин, 3-пунктуна ылайык участкалык жана аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери тууралуу даттануулар жогору турган шайлоо комиссиялары карагандан кийин гана даттанууга жатат деп көрсөтүлгөн. Мына ушул себеп менен Бишкек райондор аралык соту ишти өндүрүшкө албаптыр. Бирок…Кептин бары бирокто жатат. Бул жерде Өкмөттүн токтомунун аткарылбай жаткандыгы негизги себеп экендигин судья Б.Алымкулов билсе дагы билмексен, көрсө дагы көрмөксөн болуп жанталашыптыр. Кыргыз Республикасынын президентин шайлоодо колдонулган «Кыргызтест» эмне себептен мэр шайлоодо жарабай калышы керек? Же Бишкек жана Ош шаарларынын мэри президенттен дагы жогору болуп кетиптирби? Же өткөн жылы Өкмөт башчы болгон Сооронбай Жээнбековдун токтому быйыл тезекке дагы жарабайбы? Бул маселеде өзү мыйзам бузуп отурган БШКга мен эмнеге «ушундай мыйзамсыздыкты карап бер» деп кайрылышым керек? Кандай орган болбосун Өкмөттүн токтомдору аткарылууга жатат. Маселе мына ушунда жатпайбы? Азиз Суракматовду эптеп калкалап калышкан менен Президенттин бетине түкүрүп жатышпайбы? Же Сооронбай Шарипович кечээ Өкмөт башчы кезинде чыгарган токтомун тоготпогон тараптар менен иш алып бара береби? Маселенин төркүнү ушунда турат. Тактап айтканда, Биринчи Май райондук жана Бишкек райондор аралык соттору «көздөн далдоо» Канышай Мамыркулованын арызын кайтара салганында мандем бар. Абдан чоӊ мандем бар. Себеби, мыйзам таптак бузулган. Муну менен тиешелүү иш алып барышса элдин алдында жүздөрү жарык болгону менен кызматтарынан айрылат, беттери түгөнөт. Муну жакшы билишет. Азыр кызматынан айрылган өмүрүнөн айрылганга тете болуп калгандыгы белгилүү. Ошол себептен мен үйүмө жеткенче Бишкек райондор аралык сотунун судьясы Б.Алымкулов ашып-шашып алтымыш секундда аныктама чыгара салып, Айт майрамга шашып кетип калды. Тынч укташ керек да. Ак көз, көк карап турса, балээни башына үйүп эмне кылат? Бишкек шаарынын судьясы Алмаз Калдыбаевден артык же кем болбосо… Айтор ушундай. Бирок, мен аракетти мындан ары дагы улантам.
Кыргыз тили президентке, эл менен шаарды жаза албаган Азиз Суракматовго окшогон чиновниктерге, Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын күнкарама, жалтак профессорлоруна жана окутуучуларга, мыйзамды аткаруудан качкан жогорудагы судьяларга керек болбосо дагы элге, келечек муунга керек. Күндүн ысыгында ооруган башымды эптеп көтөрүп, социалдык тармактарга анча-мынча жазган постторуна акча алганына маашырланган жугундукорлорго каршы турганым ушундан улам. Чындык өлбөйт, акыйкат ийилбейт. Эртеӊ келечек муун мен тарапта болот…
Канышай Мамыркулов, журналист
Булак: NazarNews.kg