www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Урмат мырза, сиз мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы чыгып жүргөн оппозициянын бирисиз, ал кишинин мөөнөтү бүтүп кеткенден кийин бооруңуз ооруп кайра “күйөрманы” болуп алайын деген ой жокпу?

--Ооба, Алмазбек Атамбаев өкмөт башчы болуп турганда, ал тактыдан президенттикке аттанаар маалында Нарын шаарында Тянь-Шань эс алуу багында апрель баатырларына эстелик тургузуу учурунда экөөбүз бетме-бет катуу кайым айтышканбыз. Ошол учурда ал жердеги элдер мени жаман көрүшүп, артымдан көп сөздөрдү айтышкан. Бирок убакыттын өтүшү менен Шаршендин уулу Алмаздын бети ачылганын көрүп, “Урмат, сеники чын экен, бул жүзү караны ошондо эле билген экенсиң, жаш болсоң дагы көрөгөч турбайсыңбы” деген сөздөрдү айтып келишет. Ал жерден Атамбаев мени менен эле урушпастан, маркум-шейит кеткен атам Бектемир Акуновду да козгоп, “атаңды өлтүргөндөрдү таап алчы, мени менен кайым айтышып эмне кыласың” деп баса айткан. Кудайдын колдоосу менен атамдын арбагы ак экен, БУУнун сотунан жеңип келип, атамдын 2007-жылдагы өлүмүнө милицияны күнөөлүү деп таап, жоопкерчиликти бийликке жүктөгөн. Ошондо 2007-жылы Алмазбек Атамбаев өкмөт башчы болуп турганда маркум Болот Ногойбаев экөө ошол митингдеги элди ит менен талатып, боз үйдүн түндүгүн жыгып, атамды өлтүрүп, жыйынтыгында  “Даңк” төш белгисин алып манчыркаган. Тагдырдын тамашасын караңыз, кайра эле  эл Алмазбек Атамбаевге алданып президент кылып шайлап алышты. Ошол маалда Атамбаевдин Нарында айткан сөзүнө Кудайым колдоп, бийликтин күнөөсүн БУУнун сотунан далилдеп келдик. Муну менен Алмазбек Атамбаев утулду десем болот. Бирок, менин атамдын арбагы Алмазбек Атамбаевди эч качан жөн койбойт. Атамдын өлүмүнө Курманбек Бакиев эмес, Алмазбек Атамбаевдин түздөн-түз күнөөсү бар.

--Эмнеге?

--Анткени, БУУнун сотунан атамдын өлүмүнө бийликти күнөөлүү деп таап, сотту утуп келгенден абийирине чыдабай Болот Ногойбаев себепсиз 2 күндө дүйнөдөн кайтты. Эми атамдын арбагы Алмазбек Атамбаевдин аркасында турат.

--Сапар Исаков камалгандан бери кабар алып же "кечирейин" деген ой болдубу?

--Сапар досум экөөбүз жеке адам катары эч кандай ортодо талашыбыз жана дооматым жок. Сапардын бир гана күнөөсү маркум атам менен тынымсыз катышып, чайын ичип, аяш ата-аяш уул болуп чоңоюп, жогорку деңгээлге жетип өкмөт башкарып турган маалда маркум атамдын өлүмүнө түз көз карашта карабай, атамдын өлүмүнө өзүнүн саясый баасын бербегенине өтө капамын. Менин оюмда учурда атамдын өлүмү Сапардын жүрөгүн өйүсө керек. Анткени ошол атамдын башына түшкөн оор күндөр азыр Сапардын өзүнүн башына туш болду.    

--Саясатчылар менен тыгыз мамиледесизби? Дегеним, ар кайсы саясатчылардын колтугунан чыга келесиз? Алар боюнча кандай “секреттерди” билесиз?

--Көп эле саясатчылар менен мамилем бар. Алардын жакшы жана жаман жактарын мен эле эмес, карапайым калк дагы билишет.

--Баса, саясатчы Ахматбек Келдибеков менен мамилеңиз бар деп жүрүшөт. Жакында эле ал киши тууралуу каралоо башталды. Сиздин пикириңизде ошол маалымат чындыкка дал келеби?

--Мамилем жакшы. Мен бул кишини 2010-жылы революциядан кийин ошондогу УӨ мүчөлөрүнүн жүзүн көргөндөн кийин арбактарды сыйлабай, жабыркагандардын башын тебелеп, жеке кызыкчылыктарын жогору коюп, өздөрүн өркүндөтүп, байытып баштаганда алардан жүзүмдү буруп Ахматбек Келдибековду жүрөгүм менен тандап, азыркыга чейин сый мамиле кылып келем. Келдибеков, айрым саясатчыларга караганда – эркек, шар мүнөз, беттегенин бербеген, Ош коогалаңындагы эки элдин ортосундагы эрдигин көрсөткөн инсан жана карапайым элдин тагдырын жон териси менен сезген адам катары сыйлайм. 

--“Ахматбек Келдибеков Алмазбек Атамбаев менен сүйлөштү” деген сөздөргө ишенесизби?

--Мен кыска жана ток этээр жерин айтайын. Бүгүнкү күндө Алмазбек Атамбаев менен акыл-эси кемдер, арак ичкендер же болбосо Атамбаевге нараазы болгон арбактар эле сүйлөшпөсө акыл-эстүү бир дагы саясатчы сүйлөшпөйт. Таң калычтуусу айрым арты булганган чиновниктер, “эртең менен имам менен түштөн кийин Иван менен жашыруун жолугушуп атыптыр” деп кулагым чалып калат. Бирок Келдибеков Атамбаев менен заара кылганы бирге “туалетке” барбайт. 

--“Алмазбек Атамбаев күзүндө революция кылат” деп айтышууда. Сизге мындай маалымат жеткен жокпу?

--Бүгүнкү күндө президент Сооронбай Жээнбековду башында шайлоодо эл анчалык колдогон эмес, убакыттын өтүшү менен жүргүзгөн саясатын колдоп жатышат. Күздө эл көтөрүлө турган эч кандай саясый маселе жок. Бир гана маселе, Алмазбек Атамбаевдин уулунан электр энергиясын өз баасында элге кайтарып берсе эл Жээнбековду дагы колдойт. Бир нерсени баса белгилеп кетчү нерсе, Алмазбек Атамбаев арам ойлорун ар дайым ишке ашырып келген инсан. Андыктан Сооронбай Жээнбековго Атамбаев өз адамдары аркылуу тымызын кол салышы мүмкүн. Ошондуктан Сооронбай Шарипович карапайым элден эмес, “котур ташы койнундагы” Атамбаевден жана жанындагы айрым кошоматчылардан коркушу керек.

--Көпчүлүк “Сооронбай Жээнбеков президент болгондон кийин Алмазбек Атамбаевди сатып кетти” деп жатышат? Сиздин пикир..

--КР президенти Сооронбай Шарипович карапайым элдин канын төкпөй кандай гана жол болбосун ууру-кески, “Алдар көсөө” Атамбаевден кан төгүүсүз бийликти элдин колуна алып берди. Бүгүнкү күндө карапайым эле жеңишин бекем сактап, Сооронбай Шариповичдин колуна кол, бутуна-бут болуп акыл сөздөрүн кошуп, кеменгердик менен иш алып барышы керек. Ошондо гана өлкө өнүгүп өсөт деп ишенем. Ал эми “Жээнбеков Атамбаевди сатып кетти” дегендердин сөзү күлкүлүү жана өтө күлкүлүү. Менин угушума караганда Жээнбеков Атамбаев менен досум Сапарды өтө колдоду. Өздөрү рамкадан чыгып кетти. Алсак ТЭЦтеги кулкунга кирип кеткен кызылдай акчалар, Дача-СУ менен Ош окуясы, Кумтөр маселеси, жоголуп кеткен 3 миң тонна алтын, жол жана Кыргызстандагы алтын кендер...кыскасы Атамбаев Кыргызстанга эмне кылып берди? Ошондо Жээнбеков булардын бешенесинен сылап олтурушу керек беле? Таң калычтуу, элдер жемкорлорду “камагыла” дейт, камаса “чыгаргыла” дейт, жалданма элди да түшүнүш кыйын. Алмазбек Атамбаевге таянып, кадрларынын баардыгы барган жерине беш колун эмес, колу буту, башын тыгып жеп келишкени тергөөнүн жыйынтыгында ырасталып турат. Майда-чүйдө иштерин эске албаганда Атамбаев баш болуп, кадрлары төш болуп көпчүлүгү мамлекетти тоногон “акулалар” кашкайып көрүнүп калбадыбы?   

--Рахмат. Баардык нерселерди ачык айтып жатасыз, сизге "алло" деп, алкынгандар болсо эмне кыласыз?

--Мага ар бир убакыттагы "айт" деген илхомдор келет. Аны айтпасам ооруп калам. Андыктан баарын ачык айтып коомчулукка билдирүүм керектиги менин адамдык парзым. Мени Кудай колдойт.

Биз менен маекте “Теңир Тоо” ынтымак коомунун жаштар төрагасы Урматбек Акунов болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости