www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 10-январда өткөн мөөнөтүнөн мурда президентик шайлоо боюнча алты участкалык шайлоо тилкесиндеги жыйынтыктар жокко чыгарылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы 19-январда билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик башкаруунун формасын аныктаган референдумда жети шайлоо тилкесинин жыйынтыгы жокко чыгарылды.

Токтогулдагы №2238 – шайлоо участогунда каттоодогу шайлоочуларга караганда үкөккө салынган бюллетендердин саны көп экендиги аныкталгандыктан, жыйынтык жараксыз деп табылды.

Тоңдо жана Араванда да ушундай жагдай жаралып, №3234, №5363 шайлоо тилкелеринде имараттын тышкары добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды.

Ош шаарында да имараттан тышкары добуш берүүдө атайын реестрде көрсөтүлгөн шайлоочуларга караганда добуш берген шайлоочулардын саны көбөйүп кеткен. Мындан улам төрт участокто - №5295, 5308, 5327, 5329 добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылды.

Имараттан тышкары добуш берүүдө (кыдырма үкөктөр менен) коомдук байкоочулардан түшкөн арыздар менен даттануулардын негизинде 6 шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыгы жараксыз деп табылды.

БШК аймактык шайлоо комиссияларынан протоколдорду кабыл алууну улантууда.

Эске салсак, 10-январда өткөн президенттик шайлоодо 17 талапкердин арасынан Садыр Жапаров 80% жакын добуш алган. Мамлекеттик башкаруу формасын тандаган референдумда добуш бергендердин 81% көбү президенттик башкарууну жакташкан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости