www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз элинин маңдайына бүткөн чолпон жылдыздай Жээнбеков Сатыбалды деген бар эле. Акаевдин доорунда ууланып, күтүлбөгөн жерден, а дүйнөгө сапар тарткан. Дал ошол ууланар алдында аны менен кошо Көтани менен Бакетаев болгонуна тарых күбө. Арийне, бул ишти Акаевдик бийлик жаап койгон. Анын иниси Жээнбеков Жусупжан Акаевге каршы аттанып Жалал-Абад шаарында элдик губернатор болгон.
Жээнбеков Бахтияр Жусупжановичтин өлүмүнө күмөн жараткан ЖКнын депутаты Тазабек Икрамовдун үстүнөн кылмыш ишин ачуу аракети башталганы турабы? Ал дене тарбия мугалими болуп эки жыл иштегени менен «чимкирик депутатыгына» таянып, Билим министрлигинен «Эл агартуу отличнигин» же азырынча «Мыкты мугалим» наамына татыган. Бирок анын билим деңгээли «Акела» менен «Аттилланын» айырмасын билбегени менен, сахнага чыгып ыр созуп жиберет. Сабатсыздыгы нөлдү карап турганына карабай «Мыкты мугалим» наамын агай-эжейлерден тартып алган. Балким «мыкты артист» деген наам берсе жарашмак. Бул тууралуу маалымат социалдык тармактарда желдей тарады.
Бахтияр Жээнбековду өлтүргөндөр кармалып оор жазага тартылганы менен «заказчик» кармалбай калган. Ишенимдүү булактарга таянсак, Тазабеков качып кетүү аракетин көрүп жатканы айтылууда. Бахтияр Жээнбеков Орусиянын Москва шаарында ири ишкерлик менен алектенген.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg