www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын тургуну Динара Жуманазарова Кыргызстанда балдардын укугу атасы жана укук коргоо органдары тарабынан тебеленип жатканына нааразы болуп, көп жылдан бери акыйкат издеп келет. Ал чыркыраган чындыкты айтып, “NazarNews” маалымат агенттигине кайрылды. Тагыраагы ал Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасында иштеген Фатима Иманалиевага нааразы. Буга байланыштуу Башкы прокурорго, бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, акыйкатты талап кылды.
Динара Жуманазарова жолдошу Нурлан Дөөлөталиев экөө бир канча жыл мурда эки айрымга түшүп, соттошуп келишет. Сот иштеринин жүрүшүнө Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасында жардамчы болуп иштеген Фатима Иманалиева аралашып, мурдагы жолдошуна жактоочу болуп, ага тартып Жуманазаровага тоскоолдуктарды жараткан.
--“Мен бир канча жыл мурда жолдошум менен ажырашып, эки айрым жолго түшкөнбүз. Бирок, экөөбүз соттошуп иштерибиз бүтпөй келет. Себеби, менде калган кызымдын укугу тебеленип, анын келечегине тоскоолдуктар жаралууда. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасында жардамчы болуп иштеген Фатима Иманалиева сот иштерине аралашып, мурадгы жолдошум Нурлан Дөөлөталиевге жактоочу болуп, ага тартып жатат. Бир канча жыл мурда Фатима Иманалиева мага “сенин кызыкчылыгыңа ишти бүтүрүп берем” деп ачык эле сунуш кылган. Акча үмүттөнгөнүн дароо түшүнгөм. Бирок мен каршы болуп “бул жерде баланын укугун коргоо болуп жатат, баарын мыйзамдын чегинде чечелет” деп болбой койгом. Ошондо ал мурдагы жолдошум Нурлан Дөөлөталиевге сүйлөшүп, акча алып алса керек. Себеби, ошондон бери сот болгон күндөрү дайыма келет. Аны коргоп, колдоп турат. Мисалы, шаардык сотто же Жогорку сотто отурумда башка прокурорлор бир себептер менен алмашып, башкалары келет. Ал эми райондук сотто иштеген Фатима Иманалиева ооруп, үйдө даарыланып жатса же эмгек өргүүгө чыкса дагы сотко келе калат. Бир канча жолу соттон утсак дагы соттун чечимине каршы чыгат. Акыйкат мен тарапта болсо дагы жолдошумдун кызыкчылыгына чечип берди. Мен кызымдын укугу тебеленип, укук коргоо органында иштеген адам бир тараптуу болуп, калыс болбогонуна мен ызаланып жатам. Андыктан баардык коомчулукка, Башкы прокурорго, бийлик өкүлдөрүнө кайрылам, Фатима Иманалиевага тиешелүү чара көрүңүздөр. Менин соттогу иштериме аралашпасын, Дөөлөталиевге тартпай калыс болсун”,-дейт Динара Жуманазарова.
Ал эми “NazarNews” маалымат агенттиги Динара Жуманазарованын пикиринен кийин Фатима Иманалиева оюн угуу үчүн Бишкек шаардык прокуратурага бардык. Бирок ал жакта кызматкерлердин бири Иманалиеванын иштебестигин билдирди. Андан соң Биринчи май райондук прокуратурасына кайрылып, бирок Фатима Иманалиева жумуш ордунда жок болгондуктан байланышууга мүмкүн болгон жок. Ал эми анын кесиптеши Аман Абыкенов кадр сыртында анын башка иштери менен жүргөнү тууралуу айтты.
--“Прокурорлор үчүн соттордо дагы атайын иш бөлмө болот. Айрым учурда тиешелүү иштерди ал жактан отуруп карап, иштөөгө туура келет. Бирок мен Фатима Иманалиеванын жетекчиси болбогондуктан эмне иштер менен жүргөнүн так билбейм. Прокурор өзү келсе билсеңиздер болот”, - деп жооп берди Абыкенов.
Булак: NazarNews.kg