www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев “Бири-бирибизге жардам берели” акциясын баштады.

Соцтармактагы билдирүүсүндө, депутат 18-январда шаардагы аялдамаларда элдер үйлөрүнө кете албай тизилип турганына күбө болгонун, буга байланыштуу бүгүн шаар тургундарынын үйлөрүнө жетүүсүнө жардам берүүнү көздөп жатканын айткан.

“Маршруттук таксилердин айдоочуларынын иш таштоосуна байланыштуу “Бири-бирибизге жардам берели” аттуу акциябызга кошулууга чакырам. Акция демекчи, маңдайкы айнектеринде белгилери бар унаалар (кадимки маршруттук таксилердин номерлери көрсөтүлгөн) жарандарды жүргүнчү ташуучу кичи автобустардын каттамында бекер ташыйт. Акцияга катышууну каалагандар Asia Mall соода борборунун унаа токтотуучу жайына келе алышат. Керек болсо унаага май куюп, маршруттук таксиге тиешелүү номерлерди беребиз”, – деди ал.

Депутаттын айтымына караганда, учурда 204, 102, 128, 139 кичи автобустарынын маршруттары менен жүрүшөт.  Автоунаалар бүгүн борбор калаада саат 18:00дөн 21:00гө чейинки сааттарда иштешет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости