www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маркум Үсөнбек Ниязбековдун апасы Өктөм Мамаева Равшан Жээнбековду сотко берди. Бул тууралуу Өктөм Мамаева “NazarNews” маалымат агенттигине билдирди.
--“Мен кече Кой-Таш окуясы боюнча сотко баргам. Ал жерде Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары мага аябай жаман сөздөрдү айтып, акараат кылышты. Беттен алып ажылдашты. Мен дагы өз оюмду айттым, бирок Равшан Жээнбеков дагы тилин тартпай, эркек башы менен ажылдаганы өкүндүрөт.
“Сенин балаң адам өлтүргүч, ал Кой-Ташка адамдарды атууга барган” дейт. Менин ошол учурдагы абалымды айтып бере албайм, баламды жоготуп, кан жутуп отурсам күйүтүмө күйүт кошту. Оор сөздү айтып, мени басмырлады. Андыктан тиешелүү органдарга кайрылып, арыз жаздым. Кой-Ташка балам өзү баргандай айтат, ал элди, мекенди коргоп барып, кызмат учурунда көз жумду.
Равшан Жээнбековдун денгээлине таң калдым, ушул адам кантип президенттике талапкерлигин койду, кантип эл башкарат. Өзү канчалаган мамлекеттин мүлкүн басып алганын тиешелүү кызматтар текшерсин. Мен бул боюнча калтырбайм. Мага айткан сөздөрү боюнча мыйзам алдында укуктук баа берилишин талап кылам”, - дейт Мамаева.
Булак: NazarNews.kg