www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети 8-сентябрда «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү биринчи окууда карады.

Мыйзам долбоорунда кезектеги президенттик шайлоонун өтүү күнүн өзгөртүү сунушталууда.
Учурдагы тартипке ылайык, президенттик шайлоо анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаган жылы октябрь айынын үчүнчү жекшембисинде өткөрүлөт.

Сунушталган өзгөртүүгө ылайык, шайлоо январь айынын төртүнчү шаршембисинде өткөрүлөт.
Ошол эле учурда Жогорку Кеңеш шайлоону добуш берүү күнүнө чейин кеминде төрт ай мурда дайындоого тийиш деген талап сакталат.

Өзгөртүүлөр Жогорку Кеңештин Регламентин жаңыртылган шайлоо мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында сунушталууда.

Комитет мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна үч окууда бир убакта киргизүүнү сунуштады.

Последние новости