www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тилекмат Кудайберген уулунун сотунда экс-депутаттар жана саясатчылар күбө катары көрсөтмө берип жатышат. Алардын айтымында, Күрөңов бийликти күч менен басып алууга чакырганын далилдеген конкреттүү фактыларды көрүшкөн эмес.
Экс-депутат Нуржигит Кадырбеков Кудайберген уулу менен АКШда жолукканын, сүйлөшүү Кемпир-Абад маселесине байланыштуу болгонун айтты. Ал эми Кемпир-Абад иши боюнча акталган Мамбетжунус Абылов активистти Өзгөндөгү курултайдан гана көргөнүн, анын бийликти басып алууга чакырыгын укпаганын билдирди.
Медиа эксперт Илим Карыпбеков болсо Кудайберген уулу менен жеке тааныштыгы жок экенин, социалдык тармактагы билдирүүлөрү үчүн гана тергелгенин айтты.
Кудайберген уулу өзү коюлган айыптарды четке кагып, ишти “фальсификация” деп атады. Кийинки сот отуруму 11-сентябрда болот.