www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин эң көп талкуу жараткан карындашы турмушка чыгат

Президент Садыр Жапаровдун карындашы Лаззат Нуркожоеванын жигити колун сурады. Анын видеосун «Кыргызстандын сулуусу» сынагынын жеңүүчүсү социалдык тармактагы баракчасына жүктөдү.

Атайын даярдалган жерге Лаззат жигити менен тик учакта учуп келишкен. Президенттин иниси Дөөлөт Жапаровдун күйөө баласынын ысмы Афтандил экендиги гана маалым.

Белгилей кетсек, Лаззат Нуркожоева 24 жашта. Ал 2020-жылы сулуулар сынагын утуп алып, ага катышып жатканын агасы Садыр Жапаров билбегенин айткан.

Ал социалдык тармактагы баракчасында дөлөөттүү жашоосун, кымбат белектерин жана унааларын көрсөтүп турат.

Жергиликтүү медиа Лаззат өткөн жылдан тарта Свердлов райондук сотунда иштей баштаганын кабарлашкан.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости