www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Прокурор жөн адам эмес да

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болуп өлтүрүлүшү  коомчулуктун үрөйүн учуруп койду. Анткени прокурор деген катардагы эле жаран эмес да? Ал деген коопсуздукту көзөмөлдөгөн бир облусттун прокурору болчу.  Демек, бул окуя албетте, резонанстык  мааниге ээ десек болот.

Ал эми сайрандоо  уюштурулуп, андан кийин прокурордун мыкаачылык менен өлтүрүлүшү  алдын-ала пландалган ишпи деген күмөнсүнүү пайда болору турган иш. Эми мунун аягына чекитти эпке келтирер күч түзүмдөрү бар дечи? Ошентсе да көз кыстыга чаптап ишти узакка создуктуруп жиберүүдөн алыс болушса оң болмок.  Кандай болгон күндө да бул коогалаңдуу окуядан жалпы эл чоочулап калганы жакшы жышаан эмес. Негизи “беспределге” белчесинен баткан тармакты тазалоого мезгил жетти.

Анын үстүнө кызматына чиренип каалагандай тайраңдап кеткендер Баткенде эле эмес башка аймактарда да толтура. Чертсең эле чекеден былгып чыгат. Ушундай кесирлүү адаттардан арылтууга  Өткүрбектин  дымагы жетеби деген суроо сөзсүз коюлат. Бул тууралуу кеңири  өзүнчө кеп кылууга убактысы келет...

Булак: "Ачык сөз"

< Предыдущий
Следующий >

Последние новости