www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир уюлдуу дүйнөнүн доору бүттү. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун (СПЭФ) пленардык жыйынында сүйлөп жатып айтты.

Путин планетанын цивилизациялык көп түрдүүлүгүн, маданияттардын байлыгын саясий, экономикалык жана башка үлгүлөр менен айкалыштыруу кыйын болгондуктан, өзгөрүүлөр кадыресе нерсе белгиледи.

"Орой, альтернативасыз, бир борбордон таңууланган шаблондор азыр иштебейт. Бир гана күчтүү бийлик болушу керек деп ойлогон туура эмес. Булар футбол талаасынын бир гана дарбазасына гол киргизгилери келип турат. А мындай нерсени башкалар каалабайт”, — деди Путин.

Орусиянын президентинин айтымында, АКШ кансыз согушта жеңишке жетишкенин жарыялап, өздөрүн Жер бетинде теңдеши жок кудайга теңеп алышты.

“Батышка өздөрүнүн гана кызыкчылыгы ыйык нерседей сезилет. Өткөн кылымдагыдай ой жүгүртүп, иллюзияга кабылып калган немелер өзгөрүүлөрдү байкагысы келбейт. Дүйнө эми эч качан мурунку нугуна түшүп, ошол кездегидей жашабайт”, — деди Путин.

Сөзүнүн соңунда ал Батыш лидерлери өткөн нерсеге катуу байланып, ажырагысы келбей жатканын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости