www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (КР Кылмыш-жаза кодексине, КР Жоруктар жөнүндө кодексине)» мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2022-жылдын 18-майында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам аткезчиликке, мыйзамсыз товар ташуу жана өткөрүү, белгиленген башка жерлерден тышкары товарларды жана транспорттук каражаттарды мыйзамсыз ташып келүүгө жана алып чыгууга каршы күрөштү күчөтүүгө, ошондой эле жогоруда аталган мыйзамсыз аракеттерди жасагандыгы үчүн натыйжалуу, пропорционалдуу жана бөгөт коюучу жаза чараларын белгилөөгө багытталган.

КР Кылмыш-жаза кодексинде жогоруда аталган жолдор менен аткезчилик буюмдарды ташууда пайдаланылган транспорт каражаттары конфискацияланууга тийиш деген норма киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости