www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын шайланган президенти Джо Байденди куттуктабай жатканында жашыруун мүдө-максат жок экенин, болгону Кошмо Штаттардагы "ички саясий карама-каршылыктардын чечилишин" күтүп жатканын билдирди. Ал мындай пикирин 22-ноябрда "Россия 1" мамлекеттик телеканалында жарыяланган маегинде айтты.

"Биз учурдагы президент Трампка да, бул кызматка талапкер Байден мырзага да сый мамиле кылабыз. Бул жерде биз үчүн эч кандай маселе жок. Формалдуу нерселер", - деди Путин.

Ошондой эле "кайсы бир талапкерди жаман көрүү, экинчисине жан тартуу" деген маселе жок экенин кошумчалап, "ансыз деле бузулган мамилени буза албайсың" деп белгиледи.

Буга чейин дүйнөлүк бир катар лидерлер, анын ичинде Европа өлкөлөрүнүн бир топ башчылары Джо Байденге куттуктоо катын жолдошкон. Бирок Орусиянын жетекчилиги Байденди куттуктай элек.

2016-жылкы шайлоодо Путин Дональд Трампты башка дүйнө лидерлери менен кошо тез эле куттуктаган. Анда Кремл куттуктоосун демократтардын талапкери Хиллари Клинтон утулганын мойнуна алгандан 12 саат өтүп-өтпөй жолдогон.

Эске салсак, Кошмо Штаттарда 3-ноябрдагы президенттик шайлоонун бейрасмий жыйынтыгына ылайык, Демократиялык партиянын талапкери, мурдагы вице-президент Джо Байден жеңүүчү деп жарыяланган. Байден өлкө боюнча топтогон добуштар жана шайлоо коллегиясынын алдын ала добуштары боюнча да алдыга чыккан. Бирок президент Дональд Трамп шайлоонун жыйынтыгын тааныбай келет.

Бул арада 12-декабрда шайлоо коллегиясынын мүчөлөрү чогулуп, жеңүүчүнү расмий түрдө жарыялайт. Шайланган президенттин инаугурациясы 21-январда өтмөкчү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости