www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Владимир Путин тарыхый байланыштар жана кызматташуу Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине башка мамлекеттерге салыштырмалуу пандемия менен жеңил күрөшүүгө жардам берип жатканын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Советтер Союзунан бери сакталып калган байланыштар оң таасирин берип жатат. Жалпы байланыштар, өнөктөш катары иштеген ишканалар сакталып гана калбастан, андан ары өнүгүп, жаңы деңгээлге чыкты. Ушунун баары пандемиянын оор мезгилин баштан өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Илгеркиден калган мүмкүнчүлүктөр жана артыкчылыктуу атаандаштыкты сактоо менен башка мамлекеттерге караганда оорчулуктарды жеңип жатабыз", — деген Путин.

Орусиянын президенти КМШнын бейрасмий саммитинде акыркы он жылдыкта көптөгөн ири өзгөрүүлөр болгонун, мамлекеттер бир нече тармакта, анын ичинде коопсуздук жана экономика жаатында кызматташтыкты бекемдегенин айткан.

Эскерте кетсек, аталган иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да катышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости