www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Владимир Путиндин тапшырмасы менен Ливияга гуманитардык жардам жөнөтүлөт. Бул тууралуу Россиянын Ливиядагы элчиси Айдар Аганинге шилтеме берүү менен маалымат каражаттары жазып чыгышты.

"Президент В.В.Путиндин көрсөтмөсүнө ылайык, Россия Ливиянын түндүк-чыгышындагы жабыркаган аймактарга бир нече учак менен гуманитардык жардам жөнөтөт. Бул куткаруу жана медициналык топторду, жабдууларды, жууркан, чатырларды ж.б. өзүнө камтыйт. Кылдат даярдыктан кийин операциянын практикалык этабы 15-сентябрда башталат", - дейт орусиялык дипломат.

Эске салсак, Ливиянын маалымат каражаттары кабарлашкандай, "Дэниел" циклону себеп болгон нөшөрлөгөн жамгыр жекшемби күнү өлкөнүн чыгышындагы Эль-Байда жана Дерна сыяктуу бир катар шаарларда жана айылдарда сел жана суу ташкындарына алып келген. Мындан улам аймакта аэропорттор менен деңиз порттору жабылган.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости