www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шевченко мексикалык Грассо менен реваншка чыгат

UFC уюмунун эң жеңил салмактагы экс-чемпиону Валентина Шевченко мексикалык Алекса Грассо менен ушул жекшемби күнү реванштык беттешке чыгат.

Маалыматка ылайык, аталган турнир Лас-Вегаста (АКШ) 16-сентябрда болот, бул күнү Мексиканын көз карандысыздык күнү белгиленет. Шевченконун беттеши кеченин башкы таймашы болмокчу.

Эскерте кетсек, мушкерлер ушул жылдын мартында күч сынашып, натыйжада Шевченко муунтуу ыкмасынан улам жеңилип, UFC чемпиону титулун коргой албай калган. Бул кыргызстандык мушкер кыздын 2017-жылдан берки биринчи утулушу эле. Андан кийин Шевченко дароо эле реванш өткөрүүнү талап кылган.

Кыргызстандык мушкер ММА спортундагы карьерасында 23 жолу атаандашын жеңип, төрт ирет жеңилүү ызаасын тарткан. Өткөн жылы Валентина кыз-келиндер арасында титулун эң көп (жети жолу) коргоп рекорд жараткан. Грассонун эсебине 16 жеңиш, үч жеңилүү учуру жазылган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости