www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык миллиардер Илон Маск 2022-жылдын аягынан бери Орусиянын президенти Владимир Путин менен тынымсыз байланышта экенин Wall Street Journal америкалык, европалык жана орусиялык бир нече учурдагы жана мурдагы аткаминерлерге шилтеме кылып жазды.

Бул билдирүүлөрдү Кремль четке какты. 

The Wall Street Journal жазгандай, SpaceX жетекчисинин Кремль менен байланышы тууралуу маалымат Америка өкмөтүндө тыкыр сакталган сыр бойдон калууда. Ак үйдүн бир нече чиновниги Масктын АКШнын аскерий жана чалгын кызматтары менен терең бизнес байланыштары жана мамлекеттик сырларга кирүү мүмкүнчүлүгүн эске алганда, азыркы администрациянын айрымдарынын улуттук коопсуздукка байланыштуу тынчсыздануусун жаратты. "Аларга бул жакпайт", - деди WSJ булагы Маск-Путин мамилеси жөнүндө, бирок администрацияга Space X жетекчиси тарабынан потенциалдуу коопсуздук бузулушу тууралуу эскертилбегенин белгиледи.

Кремль Путин Маск менен сүйлөштү деген маалыматты четке какты. "Жок, бул чындыкка дал келбейт. Wall Street Journalда жарыяланган маалымат толугу менен жалган маалымат", - деди Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

Белгилей кетсек, Илон Маск АКШда боло турган шайлоодо Дональд Трампты колдоп жатат.

Президенттик шайлоо 5-ноябрда өтөт.

Последние новости