www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзүлөрү тынбай айткан 86 адамдын каны менен бийликке келген Алмаз Атамбаев, Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, ж.б Кыргызстанды өркүндөтүп өстүрүп жиберет дегенге эч ким ишенбей калды. Канчалык ичи таардык кылып, азыркы мыжроо бийлик айткысы келбесе да, К. Бакиев Кытай Эл Республикасынан 250 (эки жүз элүү) млн доллар инвестиция тартып келип, Кара-Балтадагы нефти кайра иштетүүчү заводунун курулушун баштаганын айтып койгонубуз калыстык болор. Ал заводдун долбоордук мүмкүнчүлүгү 1 жылда 850 мин тонна чийки мунай затты кайра иштетүүгү жөндөмдүү. Бугун аны да биз куруп жатабыз деп А. Атамбаев ооз копуртуруп келет. Бишкек-Нарын-Торугарт авто жолун реконструкциялоого да Курманбек Бакиев 2006-жылы мамлекеттер аралык макулдашуунун негизинде Япониядан 5 миллион доллар кайтарымсыз гранттык негизинде инвеститция алып келип, 593 чакырым аралыктагы жолду кайра курууну баштаган. Андан сырткары ушул эле жолду реконструкциялоого Азия Өнүктүрүү Банкынан 20 млн доллар кайтарымсыз гранттык негизинде инвестиция алып келген. 2009-жылдын 18-декабрында КЭРдин Эксим Банкы менен Кыргыз Республикасынын Кредиттик макулдашуусу ратификациялоо боюнча мыйзамга Президент К. Бакиев кол коюп, анын негизинде Кытайдын "Чайна Руод энд Бридж Корп" компаниясы подрятчик болуп, Кыргызстан менен (номер- EIBC/BNT/9-272) 200 ( эки жуз) млн долларга контракт түзүп, жеңилдетилген келишим менен ишке киришкен. Нарын облустунун Жумгал, Кочкор райондоруна жогорку техналогиядагы заманбап асфальт-бетон заводдорун курдуруп, ошол заводордон өндүрүлгөн продукцияны Бишкек-Нарын-Торугарт авто жолдорун курулушуна пайдаланууга берилген. 2010-жылдын апрель айына чейин Бишкек-Нарын-Торугарт авто жолунун негизги курулуш иштери ортодоп калган болчу. Ошондой эле 2007-жылдын август айында Ош-Сары-Таш-Иркиштам, Тараз-Талас-Суусамыр авто жолдорун реконструкциялоо ийгиликтүү башталган. Кийинки кезде долбоорго киргизилип, реконструкциялоо алдында Ысык-Көлдү айланып турган авто жол толугу менен Ош-Баткен-Исфана, Сары-Таш-Карамык жолдору турган. Азыр алар короосуз жатат. Инвестиция маселесине келсек А. Атамбаев бийликке келгенден бери жокко эсе. Куру сөз менен курсак тойгузам деп элди суукка тондуруп, ачтан өлтүрөт го сыягы. Жел сөздөн башка алардык эч нерсе жок. "Кумтөр" алтын кени боюнча айтсак, 2005-жылдын март айына чейин "Центерра-Голд" жеке ээлик кылып Кыргызстанга алтын кенинен түшкөн кирешенин 13%ын гана берип келген болсо, 2005-жылы К. Бакиев бийликке келгенден кийин, мамлекеттер аралык сүйлөшүүлөрдүн негизинде 33% төлөй баштаган. Ага чейин "Кумтөрдөн" түшкөн киреше мамлекеттин бюджетине эмес, А. Акаевдин үй-бүлөлүк бюджетине түшүп турган. Ошондой эле "Манас" аба майданы АКШнын аскери авиабазасы ижарага алгандыгы үчун 2005-жылга чейин ижара акысына жыл сайын 15 млн доллар төлөп келген болсо, К. Бакиев бийликке келип, АКШга туура талаптарды коюп, тең ата макулдашуудан кийин ижара акысына жыл сайын АКШ 60 млн доллар төлой баштаган. Бул Курманбек Бакиев бийлигинин эн чоң жетишкендиктеринен болгон десек жаңылышпайбыз.
Журналист Ырысбек Омурзаковдун "7-апрель жана туштук коогаланы 2010" аттуу китебинен алынды. 2013-жыл Нуска 3000
Булак: NazarNews.kg