www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Анжиян облусунун Бустан районунда көрктөндүрүү башкармалыгынын кызматкерлерин өз үйүндө иштеткен акимдин орун басары жазаланды. Бул тууралуу Өзбекстандын Эмгек министрлиги билдирди.

Анжиян облусунун иш менен камсыздоо башкармалыгы соцтармактарда жарыяланган маалыматты текшеришип, көрктөндүрүү кызматкерлери Бустан районунун башчысынын орун басарынын үйүндө соянын үрөөнүн кургатып, тазалоо иштерине тартылганын аныктаган.

Мындан соң аткаминер 1300 долларга айыппулга жыгылган.

Эске салсак, буга чейин көрктөндүрүү кызматкерлерин үйүндө иштеткени үчүн Анжиян облусунун Кургантепе районунун прокурору кызматтан алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости