www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Райым мырза, экс-президент Атамбаев 31-марттагы пресс-конференциясында сизди коррупцияга шектүү катарында айыптаганга аракет кылды. “10 миллиард сом жок болуп кетти окшойт...” деген маанидеги айтканын түшүнбөй калдык. Ошондо былтыркы бажы кирешелери боюнча сөз болуп атабы?..

-- Мен экс-президентибиз Алмазбек Шаршеновичтин 31-марттагы журналисттерге берген пресс-конференциясын кунт коюп уктум. Андагы менин дарегиме айтылган сын-пикирлерге өз оюмду билдирип коёюн.

Урматтуу Алмазбек Шаршеновичтин тегерегиндеги кишилер маалыматты туура эмес беришкен жана “10 млрд. сом жок болуп кетти окшойт” деген божомолго өзү да ишенбестигин айтты. Эмесе, бажы тармагындагы көп жылдык тажрыйбасы бар жетекчи катары айтылгандарга кенен токтолуп, тактап берейин.

Бажы тармагы элестүү айтканда, базар сыяктуу: анын иш аракети кирип-чыккан товарлардын көлөмүнө жана санына түздөн-түз байланышат. Бажыга кирген товардын мүнөзүнө жана сапатына жараша ар биринин наркы, салыгы жана төлөмдөрү болот. Факты менен айтайын, былтыркы менен быйылкы жылдагы кирген жүктүн көлөмүн салыштырып көрөлү:

2017-жыл

Январь 1028 даана автоунаа

Февраль 578

Март 1328

2018-жыл

Январь 1872

Февраль 1441

Март 1584

Мына, өзүңүздөр баамдагандай (казактардын чек арасы декабрдын орто ченинде ачылбадыбы), кирген жүктүн көлөмү кескин түрдө өсүп жатканы коңшу казактардын чек арасынын ачылышы жана ал жактагы көзөмөлдүн күчөгөнүнө байланыштуу болуп жатпайбы. Жыл башында, январь айында жүктүн көп киришинин себеби, Казакстандагы тиешелүү мамлекеттик кызматтар тарабынан жүктү көзөмөлдөгөн текшерүүлөр күчөп (жыйынтыгында 40 жаран кармалып, алардын арасында биздин жарандар да бар болуп чыкпадыбы), кымбат баадагы товарлар Кытайдан бажы биримдигине биз аркылуу кирген. Арзан баадагы бир кылка (однородный) жүктөр Казакстандын бажы постторунан өткөн. Бир эле Торугарт өткөрмө пунктунан (буга Ошту, Эркечтамды, темир жолду ж.б. өткөрмө пункттарын кошпогондо) мисал келтирейин. 2017-жылдын январында 1028 даана жүк ташыган машина кирген болсо, быйылкы жылдын январь айында 1872 даана машина кирген. Башкача айтканда, 844 даана машинага көп. Эми өзүңүздөр эсептеп көрүңүздөр: бир автоунаада орто эсеп менен 22 тоннадан (кээ бир автоунааныкы 30 тоннадан ашат) жүк чыкса, аны 0,85 центке (орто эсеп менен кирген жүктүн ар бир килограммынан өкмөткө түшө турган төлөмдөр) көбөйткөндө 1 млрд. сомдон ашык түшөт. Буга кошумча болуп, жүктүн ички мүнөзү да өзгөрүлүп жатпайбы. Анткени, кымбат нарктагы жүктөн өкмөткө салыктар жана төлөмдөр көбүрөөк, арзан нарктагы жүктөн азыраак түшөт.

Элге өзүн көрсөтүш үчүн массалык маалымат каражаттарында “бажы мурдагыга караганда 900 млн. сом көп берип жатат” деп сенсация кылуунун максаты бар беле? Албетте, бар. Оболу эл-журтка бажыдагы кирген жүктүн көлөмүн айтпай эле, 900 млн. сомду алдыдагы 12 айга көбөйтүп, “жел сандарды” көрсөтүүнүн аракети болуп жатпайбы. Анан калса, Бишкек ТЭЦиндеги чуулгандуу окуядан элди алаксытуу, элдин көңүлүн башкага буруу максатында айтылганы да төгүн эмес.

“Жөжөнү күздө сана” деген кеп бар элде. Жөн жерден эле быйылкы жылдын жыйынтыгы боюнча былтыркынын көрсөткүчтөрүнө жетебизби? Бул дагы чоң суроо туудурат. Себеби, Ош бажысында акча түшүүнүн көлөмүн адегенде “он эсе” деп, анан болбой калып, кайра “беш эсе” деп айтып жиберишпедиби... Мындай калпыстыктын кимге кереги бар эле? Эми 2016-жылга салыштырмалуу 2017-жылы Ош бажысындагы түшкөн акчанын көлөмү 190%га өскөнү далилденди. А бирок 2018-жылдын көрсөткүчтөрү 2017-жылдагы өсүшкө салыштырганда, ушундай көрсөткүчтү камсыз кыла алабы? Буга менин күмөнүм бар. Алмазбек Шаршеновичке маалымат берип жаткандар өздөрүнүн кызыкчылыгын көздөбөй, жарым-жартылай, так эмес маалыматтарды бербестен, түзүлгөн абал жөнүндө так жана толук, реалдуу маалыматтарды берип, жыл жыйынтыгы менен мактанышса болмок.

“Медалдын эки бети бар” дегендей, Алмазбек Шаршенович бир тараптуу маалыматка ишенип албай, өзүмдү чакырып сураса деле баарын көрсөтүп, болгон маалыматтарды ачыктамакмын.

-- Бажы кызматынын орун басары болуп жүргөнүңүздө, план ашыгы менен аткарылып келчү беле? Ушул жагынан цифраларды эстесек болобу?

-- Бажы тармагына план-тапшырмалар өкмөттөн бекитилип берилет. Республикалык бажы кызматынын төрага орун басары болуп иштеп турганымда, план-тапшырмалар өз убагында аткарылып турган. Мен иштеген 2017-жылдын он айындагы факты менен сүйлөйүн. “2017-жылга Кыргыз Республикасынын бюджети” тууралуу 2016-жылдын 22-декабрындагы КР мыйзамынын негизинде республикалык бюджетке бажы төлөмдөрүнүн түшүү болжолу 32 млрд. 940 млн. сомго бектилген. План-божомолдун аткарылышы 2016-жылдын көрсөткүчү менен салыштырганда 112%га өсүү темпи менен же 3 млрд. 600 млн. сомго көп белгиленген. Факты жүзүндө, тактап айтканда, он айдын ичинде бюджетке төлөмдөрдүн түшүүсү 27 млрд. 750 млн. сомго камсыз кылынган. Бул көрсөткүчтөрдүн аткрылышы 101,3%ды түзөт же 295 млн. сомго ашыгы менен чогултулган.

Ал эми ошол эле жылдын ноябрь айындагы КР токтомунун негизинде кошумча бажы төлөмдөрүнүн түшүү божомолуна өзгөртүүлөр киргизилип, же болбосо 1 млрд. 800 млн. сомго көбөйтүлгөн. Ошол убактарда 2017-жылга республикалык бюджетке бажы төлөмдөрүнүн түшүү божомолу 34 млрд. 740 млн. сомго бекитилген. Муну 2016-жылдын көрсөткүчү менен салыштырганда, 119% өсүү темпин же 5 млрд. 400 млн. сомго белгиленгени маалым. Ошондо бажы кызматы 2017-жылдын ичинде бюджетке 34 млрд. 179 млн. сомго камсыз кылган. Бул 2016-жылдын көрсөткүчү менен салыштырганда 116%га өсүү темпин же 4 млрд. 800 млн. сомго көп чогултулган.

Бажы төлөмдөрдүн көрсөткүчтөрү жылдан жылга өсүп-көбөйүп турушу мыйзамченемдүү көрүнүш. Биздин негизги вазыйпабыз да ушунда.

-- Атамбаевдин дагы бир сөзүнө ишенсек, сиз кызматтан алынгандан бери Сапар Исаковго тынчтык бербей парламенттен жана прессадан соктуруп атыпсыз го?

-- Айтарым, Сапар Жумакадырович менен салымым түз, мамилем жакшы. Ага эч кандай таарынычым да, дооматым да жок. Анткени, мамлекеттик кызмат түбөлүк эч кимге, эч кимдин энчисине берилген эмес. Кызматка келип-кетүүнү кадыресе көрүнүштөй кабылдайм. “Элге кызмат кылсам, пайдам тийсе” деген таза ниетте жүрөм. Ал эми “Сапар Исаковго тынчтык бербей, парламенттен жана прессадан соктуруп атыпсыз го?” деген сөздүн негизи жок. Же болбосо ортодогу ниети, ою түз эмес адамдардын мени каралоого жасаган дагы бир аракети катары түшүнөм.

-- Экс-президенттин сизге карата айыптоолору жеке таарынычтай сезилди. Балким, эл билбеген башка да себептери болуп жүрбөсүн?..

-- Алмазбек Атамбаев менен ушул кезге чейин мамилебиз түз, эч кандай карама-каршылыксыз, терс көз караштар байкалган эмес. 2015-жылдын август айында мени республикалык бажы кызматынын төрага орун басары болуп дайындалышыма Алмазбек Шаршенович менен досум Икрам Илмияновдун түздөн-түз салымы бар. Аны танбайм да, жашырбайм да. Кезегинде КСДПны колдоп, мамлекетке канчалык деңгээлде кызмат көрсөткөнүмдү өздөрү эң жакшы билишет. Мен дагы эле алар менен “бир командадамын” деп ойлойм. Бир гана бүдөмүк ой жараткан нерсе: ошончо убакыттан бери команданын мүчөсү катары керек болуп, акыр аягында артыкбаш кишидей болуп калганым түшүнүксүз... “Бир тууган үчүн бир тууган жооп бербейт” деп Алмазбек Шаршеновичтин өзү айткандай, арада маани берилбей турган окуяларга чоң маани берилип, башкача боёк сүртүлүп кетти. “Жеке таарынычтай сезилди” дегениңиздин жөнү бар. Кези келгенде агынан жарылып айтармын...

-- Былтыркы президенттик шайлоо астында Бабанов да сизди каралады эле. Бирок, анын дооматтары да суу кечпей калганы эсибизде. Негизи эле сизге саясый өңүттөгү чабуулдар көп болот. Сыры эмнеде?

-- Жалпы элге белгилүү болгондой, ар бир саясый партиянын идеясы, программасы жана артынан элди ээрчиткен күчтүү мүчөлөрү да бар. КСДПдан Жогорку Кеңешке депутат болуп, Кара-Суу элинин колдоосуна ээ болгон агам Искендер Матраимов Кара-Суу шаардык кеңешине болуп өткөн шайлоодо өзүнүн тарапташтары менен эң көп добуш алышты. Ал эми алардын атаандашы Өмүрбек Бабанов жетектеген “Республика – Ата Журт” партиясы бир дагы мандатка ээ боло албады. Өмүрбек Бабановдун бизге болгон терс мамилесинен, ММК аркылуу айткан нааразычылык дооматтары жеңилүүнүн ызасынан айтылганы көрүнүп тургансыйт. Насилинде, мен саясатка деле аралашпайм, өзүмдү рекламалаганды жактырбайм. Өз ишин билген, милдетин түз аткарган, жоопкерчиликти жогору койгон принципти жактырам. Албетте, элдин баарына жагуу кыйын, бирок кылдан кыйкым издеп, мени саясаттын сормо сазынан көргүсү келгендерге да таңкалбайм. Жараткан буюрса, жалпы элиме көптөгөн кызматтарды кылууга оюм бар.

Асланбек САРТБАЕВ,

“Азия Ньюс” гезити

Последние новости