www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Абалды жөнгө салыш үчүн ОДКБга кайрылыш керек. Мындай пикирин эксперт Расул Үмбөталиев NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
-- Расул агай, чек арадагы абалды жөнгө салыш үчүн эмне кылышыбыз керек?
-- Абалды жөнгө салыш үчүн ОДКБга кайрылыш керек. Тынчтыкты сактай ала турган куралдуу күчтөрдү киргизиш абзел.
-- Бирок алар кыргыздарга жан тартат деген кепилдик жок да... Бул жагдайдын чыгышына чоң күчтөр да себепкер деген маалыматтар айтылып жатат го...
- Эң туура. Бул жерде чоң геосаясат да болуп жатат окшойт. Биздин жетекчилердин ишине жараша. Орусияга бизге караганда тажиктер менен кызматташуу да маанилүү болушу мүмкүн. Кыскасы, эки ачакей саясат орун алып жатат.
Белгилей кетсек, бүгүн, 16-сентябрда, саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын «Көк-Таш» чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномет менен ата баштаган.
Тажикстандын аткылоосунан 42 кыргызстандык жарадар болгон. Ошондой эле 15 жаштагы кыз тажик тарап аткан снаряддын сыныгы тийип каза болду.
Булак: NazarNews.kg