www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең" курултайынын уюштуруучуларынын бири, саясатчы Равшан Жээнбеков буга чейин ушундай иш-чараларды уюштурууда болушунча бут тосуулар болгонуна токтолуп, бу жолу андай терс көрүнүштөр болбогонун баса белгиледи.
Ошондой эле "Биз бийликти бир колго топтоого жол бербешибиз керек” деди. “Кыргызстанда 27 жылдан бери бийлик бутактарындагы тең салмактуулук сакталган эмес, азыркы бийликтин тушунда да ошондой жагдайлар орун алган учурлар бар.
Эгер бийлик муну жөнгө салалбаса Атамбаевдин тагдыры, Бакиевдин тагдыры учурдагы бийлик да кайталап калышы ыктымал" деди.
Ошондой эле ал докладында Парламент менен өкмөттүн башында күчтүү президенттик институт турганы үчүн Жогорку Кеңеш күчтүү болбой жатканын, Алмазбек Атамбаевдин аппаратынын жетекчилери өкмөт башчы болгонун баса белгиледи.
Булак: NazarNews.kg