www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шайлоо жана референдум күнү 11 миңден ашуун кызматкер коомдук коопсуздукту сактайт. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урманбетов билдирди.
Анын айтымында, ИИМ шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө ыкчам кырдаалды анализдөө менен бирге мыйзамдуулукту сактоо багытында мыйзам чегинде ыкчам чечимдерди кабыл алууну уюштурат.
«Республика боюнча шайлоо участкаларында коомдук тартипти 11 миңден ашуун милиция кызматкери камсыздайт. Ар бир шайлоо участкаларында милиция
кызматкерлери жана жооптуу жетекчи бекитилди. учурунда жарандардын укугун жана коопсуздугун, коомдук тартипти сактоо менен гана ишмердүүлүгүн жүргүзүп, шайлоо участкаларынын көзөмөлдөп, тартип бузууларды болтурбоо, анын алдын алуу иштерин күчөтүп, шайлоо комиссияларынын ички ишине кийлигишпөө тапшырмалары берилди. 5-апрелден тарта добуш сатып алууларга бөгөт коюу максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт. ИИМ кызматкерлеринен сырткары 6 миңдей элдик кошуундун өкүлдөрү тартылат», - деди ал.
Эске сала кетсек, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум үчүн добуш берүү 11-апрелде өтөт.
Булак: NazarNews.kg