www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Саясий абал туруксуз болуп, экономикабыз кыйрады”, - деди NazarNews маалымат агенттигине легендарлуу парламенттин” депутаты, саясатчы Кемел Ашыралиев.

--“Кыргызстанда пандемиядан сырткары саясий абал туруксуз болуп, экономика бир топ кыйрады. Коңшулаш, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр менен ишенимдүү достук мамилени орнотууда олуттуу көйгөйлөр келип чыкты. Азыр абал турукташып, кичине жакшырып калды. Капитал алып келүүдө инвесторлорго коопсуз шарт түзүү, ишкердикти өнүктүрүү жана колдоо көрсөтүүдө бир топ кыйынчылыктар болот. Өлкө бюджетинин көрсөткүчү кыйроо алдында турат. Алдыда Кыргыз Республикасынын финансы-экономикалык жагдайы зор кыйынчылык, сыноолорго туш болду”, - дейт саясатчы.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости