www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ак үйдүн маңдайындагы мүлк мамлекетке кайтарылды

Бишкек шаардык прокуратурасы жалпы баасы 95 миллион 361 миң сомду түзгөн мүлктү мамлекеттин менчигине кайтарды. Бул туурасында Башкы көзөмөл органынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, борбор калаанын Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан комплекстин биринчи кабатынын жана жер төлөсүндөгү 353,8 чарчы метрлик объект, ошондой эле 1650 чарчы метрлик жер тилкеси мамлекетке өткөн.

Белгилей кетсек, буга чейин УКМК мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин байлыгын жарыялап, Ак үйдүн алдындагы дал ушул даректеги 7 кабаттуу комплекс дагы көрсөтүлгөн.

«Текшерүүдө аныкталгандай, Мамлекеттик мүлк фонду өкмөттүн буйругунун негизинде колдонулуп жаткан мүлк комплексинин астындагы 2,1 гектар жер тилкесин жеке жаранга берүү жөнүндө негизсиз чечим чыгарган. Андан ары аталган объектиге тиешелүү бүтүмдөр мыйзамсыз жүргүзүлгөн. Жыйынтыгы менен Биринчи май райондук прокуратурасы өкмөттүн тескемесин, Мамлекеттик мүлк фондунун буйругун, Бишкек мэриясынын токтомун, жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны жана андан кийин түзүлгөн бүтүмдөрдү мыйзамсыз деп табуу жөнүндө сотко доо арыз менен кайрылган», — деп айтылат маалыматта.

Соттук кароолордун жыйынтыгы менен райондук прокуратуранын доо арыздары толугу менен канааттандырылган. Ал эми 23-мартта жогоруда аталган мүлк жер тилкеси менен мамлекеттин менчигине алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости