www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президенттин кызы кытай вакцинасына эмделди

Казакстандын мурунку президенти Нурсултан Назарбаевдин үчүнчү кызы Алия Назарбаева коронавирус инфекциясына каршы кытай вакцинасына эмделди. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады.

"Вакцинация жөнүндө ар кандай пикирлер бар жана ал боюнча ар ким өз алдынча чечим чыгарууга укуктуу. Эс алууда болдук, кытай вакцинасына эмделдим, өзүмдү жакшы сезип жатам. Бирок ден-соолуктун негизги кепилдиги активдүү жашоо образы, күн жана баардык нерсеге позитивдүү мамиле кылуу экендигин унутпашыбыз керек", - деп жазган ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости