www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Корея лидеринин карындашы Ким Ё Чжон Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Инге катуу кыжырланып, «АКШнын тоту кушу» деп атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, Ким Ё Чжон айым коңшу өлкөнүн президенти Түндүк Кореянын ракета учурушуна карата айткан сынына жини келди. Президент «Түндүк Кореянын баллистикалык ракеталарды учурушу кырдаалды татаалдатып жатканын, анын ордуна Түндүк, Түштүк Корея АКШ менен диалогго баруусу керектигин» айткан.

«Бул бетпактыктын жеткен чеги! Өткөн жылы Мун Чжэ Ин өздөрүнүн Коргонуу боюнча каражаттарды иштеп чыгуу агенттигине барып, курал-жарактарын көрсөтүп, алар Корей жарым аралын бардык коркунучтардан коргой алат деп мактанган. Эми биздин ошондой эле куралды сынга алып, АКШны ээрчий сүйлөп, өзүнө каршы чыгып жатат», — деди Түндүк Корея лидеринин карындашы.

Эске салсак, буга чейин Түштүк Корея менен Япония Түндүк Корея акыркы учурларда эки ракетасын сынаганын айтып чыгышкан. Биринчисин 21-мартта Сары деңизди көздөй, экинчисин 25-мартта Япон деңизин көздөй учурганын кабарлашкан.

Коомчулук Түндүк Корея баллистикалык ракеталарды сыноо менен БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын бузуп жатат деп сынга алууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости